super.kg logo
  Спорт  

Эмнеге Египет-Уругвай беттешинде бош орундар көп болду? ФИФА териштирүүнү баштады

 

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Египет менен Уругвайдын ортосундагы беттеште стадиондо бош калган орундуктар боюнча териштирүүнү баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

ФИФАнын өкүлү билдиргендей, оюнга 32 миң 278 билет сатылган, бирок стадионго 27 миңдей гана адам келген. "Мындай көрүнүш ар кандай себептер менен түшүндүрүлүүдө. Алардын бири - билеттерди сатып алып кайра сатуу. ФИФА ушундай жол менен сатып алынган билеттерди жокко чыгарып, бул маселе менен күрөшүп жатат.

Айта кетсек, аталган беттеш кечээ, 15-июнда "Екатеринбург Арена" стадионунда өткөн. Жергиликтүү бийлик футбол көрүчүүлөр абдан көп экенин, 30 миңдей билет сатылып кеткенин билдирген. Бирок кийинчерээк орусиялык басылмалардын бири, тескерисинче, стадиондогу алдыңкы орундуктар бош калганын жазган. Анда белгиленгендей, негизинен билеттер бир аз арзаныраак боло турган бөлүктөрдө орундуктар көрүүчүлөргө толуп турган. Андыктан буга чейин билеттин баары сатылып кетсе, эмне үчүн орундуктар бош калды деген суроо көбүндө жаралган. "Екатеринбург-Арена" стадиону 35 миң кишиге ылайыкталган.

Уругвай менен Египеттин беттеши 1:0 эсеби менен түштүк америкалык курама команданын утушу менен аяктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
16.06.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Дагы жакшы кыргыстанда болбой калды футбол эгерде бизде болгондо ФИФАН тушунбой калмак да билетер сатылгандан кийин акчасы жок деп кой баткен менен суу кечип качып кеткен деп кой акчасын алып алып.ФИФАна очёт тапшырарда калыстарга футболистерге берүлчү 0.5 сууларынды он минден алдык деп олтурушса чиркин
16.06.2018. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Daak9091,Айтат биздин чиновниктер.Мындайда шапкесин ойдо которуп алып эле уялбайт
16.06.2018. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Daak9091,Тура айтасын, Биздин чиновниктер алдаган жактан карыз алган жактан, дуйнодо биринчи оорунда туратко
16.06.2018. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Daak9091,
18.06.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daak9091,Туура ошентип айтышмак. Стадиондогу отургучтарды паланча еврого алдык сууларды түгүнчө еврого алдык дешип алдашмак! Отургучтары сына баштаса бул проверка сынабы сынбайбы деп текшерип кордук компания үч жыл бекер алмаштырып турат деп чыгышат эле!
16.06.2018. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ФИФаны биздин чондор жолдо калдырмак
17.06.2018. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Meni_unut,бош орундуктарга тендер жарыялап иймек))))
18.06.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андай болсо азыр эмес бийлик алмашканда бийликке кимдер каршы сүйлөшсө ошондо спектакль башташталмак алты жыл мурун ФИФАанын комиссиясы Ак үйдүн 5 этажында 12 же 17 кабинете кабыл алгансыңар дешип! Кийин жок ал паланча нын кабинете эле деп. Кызкасы алты жыл азыркыдай интермедия аткарышмак!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-06-18 12:30:32
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: