ЖЫЛНААМА, 16-ИЮНЬ: 7 жыл мурун Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков каза болгон
Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков 1931-жылдын 15-январь күнү Аксы районундагы Ак-Жол айылында туулган. Орто мектепти бүтүп, эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык кеңешинде жооптуу катчы болуп эмгектенген. Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1957-жылы бүтүргөн.
Андан соң "Кыргызокуупедмамбастын" балдар адабияты боюнча редакциясынын редактору, 1960-1973-жылдары "Ала-Too" журналында бөлүм башчы, жооптуу катчы, башкы редакторлук кызматтарды аркалаган.
1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор, 1974-1981-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунда адабий консультант, 1987-жылдан ВААПтын Кыргыз өлкөсүндөгү бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Касымбековдун "Кичинекей жылкычы" деген чыгармасы 1952-жылы "Советтик Кыргызстан" журналына жарыяланып, анын адабий чыгармачылыгынын тушоосу кесилген.
Жазуучунун "Адам болгум келет" повести 1965-жылы "Советский писатель" басмасынан орус тилинде жарык көргөн.
Учурунда кыргыз адабиятындагы тарыхый романистиканы жаңы сереге көтөргөн "Сынган кылыч" тарыхый романы (1966) мурдагы Советтер Биримдигиндеги дээрлик бардык элдин тилине которулган. 1980-жылы "Прогресс" басмасы бул романды англис тилинде чыгарган. Ал эми 1986-жылы "Кел-Кел" романы жарык көргөн.
Касымбеков 1959-жылдан СССР Жазуучулар Биримдигине мүчө болгон. 1986-жылы "Кыргыз Эл жазуучусу" деген наам алган. 1990-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Жогорку Кеңештин тил, маданият жана билим боюнча, улуттар аралык комиссиясынын жетекчиси болуп да иш алып барган.
1990-жылдары Төлөгөн Касымбеков Кыргызстан Эркин Жазуучулар союзунун башчысы болуп, 2001-жылы 1-даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган. Ал эми 2006-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты болуп, 2006-жылы "Кыргыз Эл Баатыры" наамына арзыган.
Адабиятка сиңирген эмгеги үчүн Төлөгөн Касымбеков 1970-жылы В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каармандык эмгеги үчүн" медалы, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
2005-жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Кыргыз тили" төш белгиси менен сыйланган.
Жазуучу 2011-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында каза болгон.
16-июнга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
gulmi

16.06.2018. 11:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгармаларын кайталап окуган менин суйуктуу жазуучум.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.