Кыргыз дзюдочулар Азия оюндарына даярданып, окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө
Дзюдо боюнча Кыргыз курама командасы Азия оюндарына даярдануу максатында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кыргыз курамасынын машыктыруучусу Сергей Кладнов окуу-машыгуу жыйындарына 7 спортчуну чакырган. Алардын арасында Олимпиада оюндарынын катышуучусу жана ири эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү бар. Спортчулар жыйындарды Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 12-30-июнь аралыгында өткөрүшөт.
Окуу-машыгуу жыйындарына төмөнкү спортчулар чакырылган:
- 60 килограммга чейинки салмак ченинде: Бекбоо Апышов - спорт чебери;
- 66 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Артур Те - спорт чебери;
- Алмаз Алтынбек уулу - спорт чебери;
- 73 килограммга чейинки салмак ченинде: Бектур Рысмамбетов - спорт чебери;
- 90 килограммга чейинки салмак ченинде: Шахриер Идрисов - спорт чебери;
- 100 килограммдан жогорку салмак ченинде:
- Бекболот Токтогонов - спорт чебери;
- Юрий Краковецкий - эл аралык даражадагы спорт чебери;
- Машыктыруучу: Сергей Кладнов;
- Ага машыктыруучу: Сергей Мистрюков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.