Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Челябинск облусунун губернатору менен жолукту



Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Орусиянын Челябинск шаарында Жетинчи Кыргыз-Орусия аймак аралык конференциясына катышуу алкагында Челябинск облусунун губернатору Борис Дубровский менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр аймак аралык кызматташтык Кыргыз-Орусия мамилелеринин ажырагыс жана маанилүү бөлүгү болуп санала турганын айтты. Ал Челябинск облусу менен кызматташтык динамикалуу түрдө өнүгүп жаткандыгын, мекеме жана аймак аралык түз байланыштар жайгарылгандыгын жана эки тараптуу товар жүгүртүү көлөмү өсүп жаткандыгын канааттануу менен белгиледи.
Вице-премьер-министр ошондой эле Кыргыз өлкөсүндө "2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы" катары жарыялангандыгына байланыштуу Кыргыз тарап Орусия аймактары менен кызматташтыкты мындан ары карай активдештирүүгө кызыкдарлыгын билдирди.
Буга катар Жеңиш Разаков өкмөт тарабынан өлкө аймактарын өнүктүрүү боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал Кыргыз өлкөсү Орусия аймактарынын экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясына, коргонуу өнөр жайы үчүн куроочу материалдарга, пайдалуу кендерге карата муктаждыгын канааттандырууга даяр экендигин белгиледи.



1 |