Кыргыз мамлекетине мыйзамсыз ок-дары алып өтүүгө аракет кылган Казак жараны кармалды



Бүгүн, 16-июнда Кыргыз мамлекетине мыйзамсыз ок-дары алып өтүүгө аракет кылган Казак жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, окуя бүгүн эртең менен "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө бекетинде болду. Анда 43 жаштагы Д.А. аттуу Казак жаранынын унаасынын ичинен 12-калибрдеги тогуз патрон табылды. Ок-дарынын уруксат документи болгон эмес. Кармалган адам милициянын жергиликтүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.