Кыргыз-Орус парламенттер аралык комиссиянын жыйыны өтөт
19-июнда Жогорку Кеңеш менен Орусиянын Федералдык жыйынынын ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын 8-жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин, Орусия Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын жана Федералдык Кеңешинин депутаттары, андан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү катышат. Иш-чарада бир катар актуалдуу маселелер каралып, анын ичинде аскердик жана аскердик-техникалык тармактардагы кызматташтыктын келечеги, ошондой эле Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү талкууланат.
Жыйындын алкагында Орусия парламенттик делегациясынын башчысы Виктор Заварзин менен Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакировдун жолугушуусу күтүлөт.



1 |