super.kg logo
  Спорт  

Аргентина-Исландия беттеши 1:1 эсебинде аяктады. Месси пенальтиден гол киргизе албай калып командасына жеңиш алып келген жок

 

Бүгүн, 16-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "D" тайпасынын алкагында Орусиянын Москва шаарында Аргентина менен Исландия курама командаларынын беттеши өтөт. "Спартак" стадионунда орун алып жаткан беттеш бир нече мүнөттөн кийин башталат. Беттештин башкы калысы польшалык Шимон Марчиняк болмокчу.

18:50. Аргентина курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Вилли Кабальеро ("Челси", Англия);
  • Коргоочулар: Николас Отаменди ("Манчестер Сити", Англия), Маркос Рохо ("Манчестер Юнайтед", Англия), Николас Тальяфико ("Аякс", Голландия).
  • Жарым коргоочулар: Хавьер Маскерано ("Хэбэй Чайна Форчун", Кытай), Анхель Ди Мария(ПСЖ, Франция), Лукас Билья ("Милан", Италия), Максимилиано Меса ("Индепендьенте"), Эдуардо Сальвио ("Бенфика", Португалия);
  • Чабуулчулар: Лионель Месси ("Барселона", Испания), Серхио Агуэро ("Манчестер Сити", Англия)
  • Башкы машыктыруучу: Хорхе Сампаоли (Аргентина).

18:53. Исландия курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Ханнес Тор Хальдорссон ("Раннерс", Дания);
  • Коргоочулар: Рагнар Сигурдссон ("Ростов", Орусия), Биркир Севарссон ("Валюр"), Кари Арнасон ("Абердин", Шотландия), Хердур Магнуссон ("Бристоль Сити", Англия);
  • Жарым коргоочулар: Йоханн Гудмундссон ("Бернли", Англия), Арон Эйнар Гуннарссон ("Кардифф Сити", Уэльс), Гилфи Сигурдссон ("Эвертон", Англия), Биркир Бьярнасон ("Астон Вилла", Англия), Эмиль Хальфредссон ("Удинезе", Италия);
  • Чабуулчулар: Бьорн Сигурдарсон ("Ростов", Орусия),
  • Башкы машыктыруучу: Хеймир Хадльгримссон (Исландия).

18:54. Оюнчулар оюн талаасына чыгып, Аргентинанын гимни жаңырды.

18:55. Экинчи болуп Исландия өлкөсүнүн гимни жаңырды.

19:00. Калыс ышкырып, Аргентина-Исландия беттеши башталды. Топту оюнга алгач Исландия курамасы кошту.

19:03. Кари Арнасон орой ойноп, атаандашына айып сокку узатууга мүмкүнчүлүк берди.

19:04. Николас Отаменди гол киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бирок таамай болбой, эсеп саны ачылган жок.

19:06. Исландиялык футболчулар кайрадан эреже бузууда. Месси топту тез арада кошуп, аргентиналыктар чабуулун баштады.

19:07 Кайрадан исландиялыктар эреже бузуп калыстын ышкырыгы жаңырууда. Биркир Бьярнасон 2-ирет атаандашын жерге кулатууда.

19:08. Бьярнасон атаандашынын айып аянтчасында сокку жасаганга үлгүрдү. Топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.

19:11. Аргентиналык футболчулар топту бурчтан ойнотууга мүмкүнчүлүк алды. Ди Мариянын айып аянтчага көтөргөн тобун коргоочулар тосуп алышты.

19:13. Отаменди алыскы аралыктан сокку узатты. Топ дарбазадан бийик өттү.

19:17. Лионель Месси алыскы аралыктан сокку узатты. Дарбазанын сол бурчуна багытталган соккуну Халдорсон тосуп алууга үлгүрдү.

19.19. Го-о-о-л! Эсеп 1:0. Серхио Агуэро айырмаланды. Алыстан узаткан соккусун дарбазачы тосуп алганга жетишпей калды.

19:22 Исландиянын дарбазачысы деңгээли жогорку экенин көрсөтүүдө. Ал Халдорсон Мессинин соккусун тосуп алды.

19:24. Го-о-о-л! Альфред Финнбогасон айырмаланып эсепти тең кылды.

19:27. Аргентиналыктар топту бурчтан ойнотууга мүмкүнчүлүк алды. Ди Мариянын чыгарып берүүсүн Тальяфико жыйынтыктап топту дарбазачы тосуп алды.

19:30. Жарым сааттык беттештин жыйынтыгында Аргентина курамасы 80 пайыз топко ээлик кылып жатат.

19:31. Топту аргентиналыктар көбүрөөк кармап жатса, соккулар боюнча эсеп 8:8. Ал эми таамай соккулар боюнча 4:2.

19:32. Лукас Билья мыкты сокку жасады. Эгерде топ бир аз ылдый багытталса чемпиондуктун мыкты голу наамы үчүн күч сынаша алмак.

19:36. Максимилиано Меса атаандашынын айып аянтчасына пас узаткан. Бирок коргоочулар топту тосуп алышты.

19:40. Аргентина 4-ирет бурчтан топту чыгарып жатат. Мессинин көтөрүп берүүсүнө алгач дарбазачы жетип, топту кармап калды.

19:42. Исландиянын коргоочусу өз айып аянтчасында колу менен ойноду. Бирок калыс пенальтинин ордуна бурчтан көтөрүүнү дайындады.

19:44. Шимон Марчиняк беттештин 1-таймына 1 мүнөт кошту.

19:45. Альфред Финнбогасондун соккусу таамай болбой, дарбазадан 2 метр алыстыкта өтүп кетти.

19:46. Калыстын ышкырыгы чыгып, беттештин 1-бөлүгү жыйынтыкталды.

20:04. 2-тайм старт алды. Эске салсак, 1-тайм 1:1 эсеби менен жыйынтыкталган.

20:06. Ди Мария кооптуу абал жаратууга аракет жасады. Айып аянтчага узаткан топту коргоочу тосуп алып, эми аргентиналыктар топту бурчтан чыгарышат.

20:07. Бурчтан чыгарылган топту Отаменди жыйынтыктаганга үлгүрдү. Бирок топ дарбазадан бийик өтүп кетти.

20:08. Исландия Аргентинаны тынчсыздандырууда. Гильфи Сигурдссондун айып аянтчага узаткан пасын Рохо тосуп алды.

20:11. Алгачкы алмаштыруу Аргентинанын курамасында орун алды. Лукас Бильянын ордуна Эвер Банега чыкты.

20:14. Месси Исландиянын 4 оюнчусун алдап өтүп, Агуэрого пас берген, андан улам Агуэронун узаткан соккусун коргоочулар тосуп алышты.

20:15. Кайрадан Агуэронун соккусу. Алыскы аралыктан аткарган тебүүсүн оюнчулар тосуп коюшту.

20:19. Гудмундссон жаракат алып калып, дарыгерлердин жардамына муктаж болууда.

20:21. Пенальти! Аны Аргентинанын жылдызы Месси аткарат.

20:22. Мессинин 11 метрден узаткан соккусун дарбазачы тосуп алды. Месси чоң мүмкүнчүлүктү жоготту.

20:29. Эвер Банега узаткан сокку дарбазачынын колуна багытталды. Дарбазачы кыйынчылыксыз тосуп алууга үлгүрдү.

20:33. Алмашуу орун алды. Ди Мариянын ордуна Кристиан Павон чыкты.

20:34. Исландиялыктар дагы оюнчусун алмаштырды. Арон Гуннарссондун ордуна Ари Скуласон оюнга кошулду.

20:37. Лионель Месси дарбазадан 5 метр алыстыкта сокку жасаганга аракет жасады. Бирок топко биринчи болуп Исландиянын коргоочусу жетип, кооптуу абалды жойду.

20:40. Лионель Месси 20 метр алыстыктан сокку узатты. Топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.

20:42. Месанын ордуна оюн талаасына Гонсало Игуаин чыкты.

20:47. Эсепти тең кылган Альфред Финнбогасон оюн талаасын таштап,анын ордуна Бьорн Сигурдарсон чыгат.

20:49. Калыс беттештин негизги убактына 5 мүнөт кошту.

20:51. Месси гол киргизүүнүн айласын таппай жаткан кези орун алууда. Исландиялыктардын коргоо бөлүгү мыкты болуп, аргентиналыктарга мүмкүнчүлүк бербей жатат.

20:54. Шимон Марчиняктын ышкырыгы жаңырып беттеш аяктады. Бул беттеште аргентиналыктар 78 пайыз топко ээлик кылганы менен, Исландиянын коргоо бөлүгүн өтө алган. Муну менен Аргентина менен Исландия 1 упайдан ээ болушту.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(29)
16.06.2018. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Аргентина утат бүгүн
16.06.2018. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мессиден дубль бүгүн
16.06.2018. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кармап калдыю)))))))
16.06.2018. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Исландия талкалайт азыр
16.06.2018. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Исландия алга
16.06.2018. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Калкы бизден аз Исландия дагы деле сенсация жаратып жатат, биздикилерчи?
16.06.2018. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Hacker99,футбол калктын санына карабайт. Караса Кытай менен Индия чемпион болмок, ха ха, даже АКШ катыша алган жок чемпионатка...
P.S. Исландия алга!
16.06.2018. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Роналду кече Де Хеяга киргизди. Месси ушул варатарга киргизе албай калды.
16.06.2018. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Месси катасын дагы кайталады.Жакшы тээп калыптыр.2014 кыйшык тепкен болчу)))
16.06.2018. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Meni_unut,Эми чыгат ала футболканы кийбейм деп
16.06.2018. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ой ой ой хахахахаха
16.06.2018. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Месси Месси деп жаткандар жокго
16.06.2018. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ka4okrys,эмнеге жок бар менмин мессинин куйорманы утат кийинкиде буйруса
16.06.2018. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Байкуш месси шал болду гоо атаа
исландицы жакшы коргоп койду оз калаасын..
16.06.2018. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Чынын айтуу керек
Вратары ото мыкты экен
16.06.2018. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аргентинага койгон элем 2000 р негизи Исландияга койсом болмок экен. Месси сборныйдагы карьерасын жыйынтыктаса болчудай болуп калыптыр.
16.06.2018. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Месси Ким элэ
16.06.2018. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мессиге коп эле оюнчулар топ бербей калыптыр уже
16.06.2018. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мессини жаман коргондор футбол корбой эле койгулачы
16.06.2018. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мессинин турган тушкандары корунбойтко
16.06.2018. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Роналдунуку ушул жерде журот го
17.06.2018. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынарга айтарым , топ тоголок. Жашоо ушундай бирде гол бирде жок. Бизде деле ошол бирде гол, бирде жок..
17.06.2018. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Месси Ранолдодон ургон тебишти
17.06.2018. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Месси Испанияда эле зор боло бере берет.Роналдого окшоп ЛЧ зор болсун ЧМде зор болсун.
17.06.2018. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Расул94 макканбаев дагы ким телдин тугундо кыйын болбой поляга чык футбол тебишейли
17.06.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nemo2016,смело.Уверенный болсон озуно
17.06.2018. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nemo2016,номеринди калтырып кетчи суперчилердин группасына кошом
17.06.2018. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Хорватия эми беш коргоолун коргозот
17.06.2018. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушу Аргентина группадан чыкпай калабы деп кумон санап жатам)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: