ЖЫЛНААМА, 17-ИЮНЬ: Саясий ишмер Темир Сариев 55 жашка толду
Саясий ишмер Темир Сариев 1963-жылы 17-июнда Сокулук районунун Төш-Булак айылында төрөлгөн.
Ал 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин экономист адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1981-1983-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1984-1985-жылдары Борбордук универмаг, жумушчу;
1985-1987-жылдары Аламүдүн тери фабрикасында экспедитор, экономист, улук экономист;
1987-1989-жылдары Аламүдүн райондук райком комсомолунун жумушчу жаштар бөлүмүнүн башчысы;
1989-1990-жылдары Аламүдүн райондук партиялык комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн инструктору;
1990-1991-жылдары Аламүдүн райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, аппарат жетекчиси;
1991-1995-жылдары Кыргыз товардык-сырье биржасынын президенти;
1995-2000-жылдары “Тотон” финансы өнөр жай фирмасынын башкы директору;
2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты;
2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты;
2010-жылы Убактылуу өкмөт төрагасынын орун басары, каржы министри;
2010-2011-жылдары "Ак шумкар" саясий партиясынын төрагасы;
2011-2015-жылдары экономика жана антимонополдук саясат министри;
2015-2016-жылдары премьер-министр.
17-июнга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
2

