Москвадагы жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду
16-июнда Москвада болгон жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Эске салсак, кечээ, 16-июнда Москванын борбордук көчөлөрүндө мексикалык футбол күйөрмандарын такси сүзүп кеткен. Мындан улам 8 киши жарадар болгон. Айдоочу күнү-түнү иштеп, уктабагандыктан рулда уктап кеткенин милиция кызматкерлерине сурак берип жатканда айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Тем более эки сутка уйку корбоптур. Машинада эс алса да мынчалык озун неге кыйнады экен.
Дагы жакшы эч ким каза болбоптур Кудай сактап.