Москвада жол кырсыгына шектелген Кыргыз жараны тууралуу маалыматтар белгилүү болду. Анын аялы Орусияда, эки кызы Бишкекте чоң энесинин колунда
Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков Москва шаарында автоунаасы менен топтошкон адамдарды сүзүп кеткен Ч.А. аттуу Кыргыз жараны тууралуу маалымат таратты.
Анын билдирүүсүнө ылайык, Ч.А. 1990-жылы 22-апрелде Аксы районунун Кош-Дөбө айылында туулган. "Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын Сары-Кашка участкасында ата-энеси менен бирге жашаган. Ал аталган айыл аймактын Семет айылындагы орто мектептин 6-классын аяктап, 2003-жылы Бишкек шаарына үй-бүлөсү менен көчүп кеткен. Айдоочулук күбөлүктү Кочкор-Ата шаарынан алган. Жакын туугандарынын дээрлик көпчүлүгү Бишкек шаарында жашайт. Аялы дагы Орусияда, 2 кызы чоң ата, чоң энесинин колунда калган. Алар Бишкек шаарынын Ала-Тоо конушунда жашайт. Буга чейин Ч.А. кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Кошумча тактоо иштери жүрүүдө", - деп билдирди Мыктыбек Турдубеков.
Эске салсак, кечээ, 16-июнда Москванын борбордук көчөлөрүндө мексикалык футбол күйөрмандарын такси сүзүп кеткен. Мындан улам 8 киши жарадар болгон.


Окендерге табылбай эле калды…
Кудайым сабыр берсин бул кундор да отот……