Коларовдун кооз голу Сербияга жеңиш алып келди











17-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "Е" тайпасынын оюндарынын алкагында Орусиянын Самара шаарында Коста-Рика менен Сербия курама командаларынын беттеши өттү.
17:50. Коста-Рика курама командасынын тизмеси:
- Дарбазачы: Кейлор Навас ("Реал Мадрид", Испания);
- Коргоочулар: Кристиан Гамбоа ("Селтик", Шотландия), Оскар Дуарте ("Эспаньол", Испания), Жанкарло Гонсалес ("Болонья", Италия), Франсиско Кальво("Миннесота Юнайтед", АКШ), Жонни Акоста ("Рионегро Агилас", Колумбия);
- Жарым коргоочулар: Давид Гусман ("Портленд Тимберс", АКШ), Сельсо Борхес ("Депортиво", Испания), Брайан Руис ("Спортинг", Португалия);
- Чабуулчулар: Йохан Венегас ("Саприсса"), Марко Уренья ("Лос-Анжелес", АКШ).
- Башкы машыктыруучу: Оскар Антонио Рамирес Эрнандес
17:52. Сербия курама командасынын тизмеси:
- Дарбазачылар: Владимир Стойкович ("Партизан"),;
- Коргоочулар: Александар Коларов ("Рома", Италия), Бранислав Иванович ("Зенит", Орусия), Душко Тошич ("Гуанчжоу Фули", Кытай), Антонио Рукавина ("Вильярреал", Испания);
- Жарым коргоочулар: Неманья Матич ("Манчестер Юнайтед", Англия), Сергей Милинкович-Савич ("Лацио", Италия), Лука Миливоевич ("Кристал Пэлас", Англия), Адем Ляич ("Торино", Италия), Душан Тадич ("Саутгемптон", Англия).
- Чабуулчулар: Александар Митрович ("Фулхэм", Англия).
- Башкы машыктыруучу: Младен Крстаич (Сербия)
17:53. Оюнчулар талаа үстүнө чыгышты. Алгач Коста-Риканын гимни ойнолот.
17:55. Сербиянын гимни жаңырып, беттеш бир нече мүнөттөн кийин старт алат.
18:00. Беттеш старт алды. Алгач топту сербиялык футболчулар оюнга кошушат.
18:01. Алгачкы мүнөттөрдөн эле Сербиянын футболчулары кооптуу абал жаратууда. Ивановичтин айып аянтчага көтөрүп берген тобуна чабуулчу жетишпей калды. Бурчтан сербиялыктар көтөрөт.
18:03. Геанкарло Гонсалес 11 метр алыстыктан башы менен сокку узатканга үлгүрдү. Соккусу таамай болгону менен, дарбазачы кыйынчылыксыз топту тосуп алды.
18:07. Александр Коларов атаандашынын айып аянтчасына пас узаткан. Бирок Тадич топко жетишпей калып, сербиялыктар топту жоготту.
18:11. Геанкарло Гонсалес жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болчу. Анын башы менен узаткан соккусу дарбазадан бийик өтүп кетти.
18:13. Александр Митрович 20 метр аралыктан сокку узатты. Дарбазанын борбордук бөлүгүнө багытталган соккуну Кейлор Навас оңой эле тосуп алды.
18:16. Давид Гусман эреже бузду. Сербиялыктар айып сокку аткарат.
18:17. Душан Тадич топту айып аянтчага көтөрүп берди. Топту коргоочулар тосуп алышты.
18:21. Франсиско Кальво орой ойногону үчүн сары айып кагазын алды.
18:26. Беттештин 25-мүнөтү соңуна чыкты. Статистикага көңүл бурсак: сербиялыктар топко ээлик кылуу боюнча 57 пайыз болсо, 43 пайыз Коста-Рика.
18:27. Сергей Милинкович-Савич сокку узатты, бирок Кейлор Навас аны тосуп алды.
18:33. Хоан Венегас эреже бузду. Айып соккуну Александр Коларов аткарат.
18:34. Коларовдун соккусуна Навас алгач жетти. Топ Коста-Риканын карамагында.
18:36. Душко Тошич менен Жонни Акоста сүзүшүп, экөө тең дарыгерлердин жардамына муктаж болууда.
18:38. Маркос Уренья алыстан сокку жасады. Топ дарбазадан бир топ бийик өтүп кетти.
18:42. Сергей Милинкович-Савич мыкты сокку узатканга үлгүрдү, бирок калыс офсайд болгонун билдирди.
18:45. Беттештин 1-таймы аягына жетти. Башкы калыс 2 мүнөт кошуп берди.
18:47. Дидунун ышкырыгы жаңырып, 1-бөлүк бүттү.
19:03. Башкы калыс 2-таймга старт берди.
19:08. Александр Митрович дарбазачы менен бетме-бет чыкканга үлгүрдү. Анын соккусун Навас тосуп алды.
19:11. Давид Гусман эреже бузуп сары айып кагазына ээ болду. Коларов айып сокку узатат.
19:12. Г-о-о-л!!! Эсеп 1:0. Коларовдун айып соккусу ийгиликтүү болду. Анын кооз соккусуна Навас жетишпей калды.
19:15. Бранислав Иванович орой ойногону үчүн сары айып кагазын алды.
19:16. Хоан Венегас оюн талаасын таштады. Кристиан Боланьос анын ордуна чыгат.
19:22. Кезектеги алмаштыруу. Коста-Риканын курамында Жоэл Кэмпбелл оюн талаасына чыкса, Маркос Уренья оюн талаасынан кетти.
19:25. Сербиялыктарда алмаштыруу. Адем Ляичтин ордуна Филип Костич чыкты.
19:27. Никола Миленкович атаандашын жыгылтты. Коста-Рика айып сокку узатат.
19:28. Кэмпбелл соккуну узатты, бирок таамай боло алган жок.
19:29. Коста-Рика бул беттештеги акыркы оюнчусун алмаштырды. Гусмандын ордуна Даниэль Колиндрес чыкты.
19:34. Неманья Матич алыстан сокку узатты. Бирок топ коргоочуга тийип калды. Матичтин жакшы мүмкүнчүлүгү бар болчу.
19:39. Сербия курамасында оюнчу алмашты. Антонио Рукавина талаа үстүнө чыкты. Душан Тадич оюн талаасын таштады.
19:45. Сербиялык адис оюнчусун алмаштырды. Александр Митровичтин ордуна Александар Прийович чыкты.
19:46. Негизги убакыт соңуна жетти. Сенегалдык калыс 5 мүнөт убакыт кошуп берди.
19:48. Коста-рикалык футболчулар гол өткөргөндөн кийин топту өз карамагында көбүрөөк кармап жатат. 53 пайыз Коста-Рика, 47 пайыз Сербия.
19:54. Башкы калыс видеокөзөмөл (VAR) системи менен колдонуп Александр Прийовичтин орой оюнун байкап, ага сары айып кагаз берди.
19:55. Беттеш соңуна жетти. Сербия курамасы 0:1 эсеби менен жеңишке ээ болду.
кошулду
Сербия - Коста-Рика




1 |