super.kg logo
  Спорт  

Бразилия курамасы Швейцарияны ута албай калды

 

18-июнга караган түнү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "Е" тайпасынын оюндарынын алкагында Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында Бразилия менен Швейцария курама командаларынын беттеши өтөт. "Ростов Арена" стадионунда орун алып жаткан беттеш бир нече мүнөттөн кийин башталат. Беттештин башкы калысы мексикалык Сесар Рамос Паласуэлос болмокчу.

23:50. Бразилия курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Алиссон Бекер ("Рома", Италия).
  • Коргоочулар: Тиаго Силва ("Пари Сен-Жермен", Франция), Марсело ("Реал", Испания), Луис Данило ("Манчестер Сити", Англия), Миранда ("Интер", Италия),
  • Жарым коргоочулар: Паулиньо, Филиппе Коутиньо ("Барселона", Испания), Каземиро("Реал", Испания), Виллиан("Челси", Англия);
  • Чабуулчулар: Неймар ("Пари Сен-Жермен", Франция) Габриэл Жезус ("Манчестер Сити", Англия).
  • Башкы машыктыруучу: Тите (өз аты Аденор Леонардо Бакши).

23:52. Швейцария курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Янн Зоммер ("Боруссия" М, Германия);
  • Коргоочулар: Мануэль Аканжи ("Боруссия" Д, Германия), Штефан Лихтштайнер("Ювентус", Италия), Рикардо Родригес("Милан", Италия), Фабиан Шер ("Депортиво", Испания);
  • Жарым коргоочулар: Валон Бехрами ("Удинезе", Италия), Блерим Жемаили ("Болонья", Италия), Жердан Шакири ("Сток Сити", Англия), Гранит Жака ("Арсенал", Англия), Стивен Цубер ("Хоффенхайм", Германия);
  • Чабуулчулар: Харис Сеферович ("Бенфика", Португалия).
  • Башкы машыктыруучу: Владимир Петкович.

23:53. Оюнчулар талаа үстүнө чыгып, алгач Бразилиянын гимни жаңырды.

23:55. Швейцариянын гимни жаңырып, беттеш бир нече мүнөттөн кийин старт алат.

00:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып, кызуу беттештердин бири башталды.

00:01. Виллиан эреже бузууга жол берди. Швейцариялыктар айып сокку аткарат.

00:03. Блерим Жемайли жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болгон. Бирок футболчунун соккусу дарбазадан бийик өттү.

00:04. Валон Бехрами эреже бузду. Топ бразилиялыктарда.

00:05. Виллиан оң канаттан айып аянтчага кирип келип сокку узатты. Топ дарбазага багытталган жок.

00:09. Кайрадан оң канаттан чабуулду курчуткан Виллиандын чыгарып берүүсүн коргоочулар тосуп алышты.

00:11. Паулиньо гол киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Анын узаткан соккусу дарбазанын жанынан өтүп кетти.

00:14. Швейцариялыктар орой ойноп Неймарды жыгылтышты. Бразилиялыктар айып соккуну аткарышат.

00:15. Неймардын айып соккусунан узаткан тобу футболчулардан түзүлгөн дубалга тийип калды. Бирок бразилиялыктар кайрадан топко ээ болуп, чабуулун улантууда.

00:16. Габриэл Жезустун чыгарып берүүсүн Янн Зоммер тосуп алды.

00:19. Го-о-л! Эсеп 1:0. Коутиньо алыскы аралыктан сокку узатып таамай болду. Зоммер топко жетишкен жок.

00:24. Жемаили өз командасына бурчтан көтөрүүгө мүмкүнчүлүк алып келди.

00:26. Фабиан Шер менен Фабиан Шер сүзүшүп, эки спортчу тең медициналык жардамга муктаж болууда.

00:28. Бехрами орой оюн көрсөтүп Паулиньону жыгылтты. Калыстын ышкырыгы жаңырганы менен айып кагаз көрсөтүлгөн жок.

00:30. Лихтштайнер сары айып кагазын алды.

00:33. Неймар мүмкүнчүлүккө ээ. Бирок ал офсайд абалында болуп калды.

00:38. Топ швейцариялык оюнчунун күчтүү соккусунан Тиаго Сильванын башына тийди. Бразилиялык футболчу дарыгерлердин жардамына муктаж болду.

00:42. Жака Шакириге мыкты пас чыгарып берди, бирок Шакири топко жетишпей калды.

00:45. 1-таймдын негизги убактысы соңуна жетти. Калыс 2 мүнөт кошуп берди.

00:46. Тиаго Сильва бурчтан көтөрүлгөн топту башы менен дарбазага багыттады. Сильванын соккусу күчтүү болгону менен таамай болгон жок.

00:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аяктады.

01:03. 2-тайм башталды.

01:05. Каземиро орой оюн көрсөтүп сары айып кагазын алды.

01:08. Го-о-о-л! Эсеп 1:1. Швейцариялыктар топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен ийгиликтүү колдонду. Жердан Шакири көтөрүп берген топту Стивен Цубер башы менен дарбазага багыттап гол киргизди.

01:11. Валон Бехрами бутунан жаракат алып калды. Оюнду уланта албайт окшойт.

01:14. Коутиньо кайрадан алыскы аралыктан сокку узатты. Топ коргоочуларга тийип бразилиялыктар топту өз карамагында сактап калышты. Чабуул уланат.

01:16. Неймар жакын арадан дарбазага сокку жасады. Бирок топ коргоочуга тийип бразилиялыктар топту бурчтан чыгарышат.

01:17. Бразилия курамасында алмаштыруу. Каземирону Фернандиньо алмаштырды.

01:22. Фабиан Шер Неймарды футболкасынан кармап токтоткону үчүн сары айып кагазын алды. Неймар айып соккуну узатат.

01:23. Неймардын соккусу таамай болбой калды. Топ коргоочуларга тийип кайрадан бразилиялыктарга кайтып келди.

01:24. Бразилиялыктарда 2-алмаштыруу. Паулиньонун ордуна талаа үстүнө Ренато Аугусто чыкты.

01:25. Кайрадан швейцариялыктар Неймарга каршы эреже бузууда. Бехрами сары айып кагазы менен жазаланды.

01:27. Коутиньо кооптуу абал жаратты. Ал Неймардын чыгарып берүүсүн тосуп алууга үлгүрүп сокку жасаган. Бирок Коутиньонун соккусу таамай болгон жок.

01:28. Швейцария курамасында оюнчулар алмашты. Денис Закария Валон Бехраминин ордуна чыкты.

01:31. Жемайли дарбазага багытталган сокку узатканга жетишти. Бирок сокку күчсүз болгондуктан Алиссон Бекер оңой эле тосуп алды.

01:34. Бразилия курамасында алмаштыруу дайындалууда. Талаа үстүнө Роберто Фермино чыгат.

01:36. Фермино Габриэл Жезустун орунда чыкты.

01:37. Кезектеги алмашуу. Харис Сеферовичтин ордуна Бреел Эмболо чыкты.

01:40. Фермино жакшы мүмкүнчүлүктү колунан чыгарып жиберди. Дарбазачы менен бетме-бет кез келип анын узаткан соккусу дарбазадан жогору өттү.

01:44. Лихтштайнер жаракат алып оюн талаасын таштоого аргасыз болду. Анын ордуна Майкл Ланг чыкты.

01:47. Фирмино коргоочулардан бийик секирип башы менен сокку узатканга үлгүрдү. Таамай багытталган соккуну Зоммер ийгиликтүү тосуп алууга үлгүрдү.

01:48. Беттештин негизги убактысы аягына келип, калыс 5 мүнөт кошту.

01:50. Миранда 20 метр алыстыктан сокку жасады. Таамай эмес!

01:52. Кайрадан кайра Швейцариянын оюнчулары Неймарга каршы орой ойноп эреже бузууда.

01:54. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш жыйынтыкталды. Эсеп 1:1.






Бразилия - Швейцария

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
17.06.2018. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бразилия утат
18.06.2018. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Brazil
18.06.2018. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неймар Марсело Каутини жакшы ойной алышпады...
18.06.2018. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
1:1
18.06.2018. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Молодцы Швейцарские ребята!!! Сербия вперед !!!
18.06.2018. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бразилия кийинкиде утат
18.06.2018. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Неймар жалакай экен
18.06.2018. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бразилия ото спакойна ойноп коюшту
18.06.2018. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Швейцариянын жарымы эле мусулманго.
18.06.2018. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Mehazahn57, ашкере динчилдерге 3 мусулман 30 мусулман болуп корунот да...
18.06.2018. 07:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эки команданын тең чыгуусу мени кубандырды.Экөөн тең колдоп жатам бул турнирде.
18.06.2018. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куштуу деген камандалар женилип зорго тен чыгып ататго
18.06.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Фавориттер очко жоготуп,сенсациялар коп болуп жатат.Бул кетиште кучтуу командалардын кобу плей оффго чыга албай калабы деп турам.
18.06.2018. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dembele84,неге чыкпайт? Чыгат эле,бир матч тагдырды чечпейт го же оюн буттубу
18.06.2018. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Isco22,туура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: