super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Өлкөнүн айрым жерлеринде өзгөчө абал киргизүү жобосу мыйзамдарда камтылбай калган"

 

Өлкөнүн айрым жерлеринде өзгөчө абал киргизүү маселесин 3 күндөн кем эмес убакыт ичинде Жогорку Кеңеште кароо сунушу киргизилип жатат. Бул тууралуу депутат Өмүрбек Текебаев ЖКнын регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Ө.Текебаев демилгелеп жаткан "ЖКнын регламенти жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда колдоого ээ болду. Бул мыйзам долбоору Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал киргизүү тартибин жөнгө салууга багытталган.

 

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, жакында эле Жети-Өгүз районунда болуп өткөн окуялардан улам өлкөнүн аймактарына өзгөчө абал киргизүүдө кээ бир мыйзамдарда дал келбестиктер менен так эместиктер кеткени аныкталды. Тактап айтканда, "Өзгөчө абал жөнүндө" жана "ЖКнын регламенти жөнүндө" мыйзамдардын ортосунда эки башка түшүнүктөр орун алган. Бул жагдайды эске алуу менен, мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жаралууда.

 

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, өлкө аймактарында өзгөчө абал киргизүү боюнча президенттин чечимин парламент бекитет же жокко чыгарат. Ал эми "Өзгөчө абал жөнүндө" мыйзамда өлкөнүн аймактарынын айрым жерлеринде өзгөчө абал киргизүү боюнча жоболор мыйзамдарда камтылбай калган.

 

Демилге колдоо тапса, Жогорку Кеңеш өзгөчө абал киргизүү тууралуу президенттин жарлыгын тармактык комитеттерде алдын ала кароосуз бекитүү же жокко чыгаруу чечимин келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттын ичинде, ал эми айрым жерлерде өзгөчө абал киргизүү маселелери 3 күндөн кем эмес убакыт ичинде каралмакчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: