ЖЫЛНААМА, 18-ИЮНЬ: Мындан 116 жыл мурда Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры Зууракан Кайназарова төрөлгөн
Мындан 116 жыл мурун, 1902-жылдын 18-июнунда Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры Зууракан Кайназарова Кыргыз ССРинин Сокулук районуна караштуу Жыламыш айылында төрөлгөн.
Ал Сокулук районундагы “Дружба” колхозунда звено жетекчиси болуп иштеген. 1947-жылы ал башкарган звено 15 гектар жерден ар бир гектарынан 971,5 центнер кант кызылчасын жыйнап алган. Анын күжүрмөн эмгеги эске алынып, эки жолу СССР Жогорку Советинин биринчи (1937-1946-жылдары) жана үчүнчү (1950-1954-жылдары) чакырылышында депутат болуп шайланган. Кыргызстан Компартиясынын 3-съездинен тартып 12-съездине чейинки делегаты болгон. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.


18-июнга карата жылнаама.

