super.kg logo
  Саясат  

КРнын Куралдуу күчтөрүн колдоо максатында 2014-жылдан баштап Орусия Кыргызстанга аскердик техникаларды берип баштайт

 
Президент Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу
Алмазбек Атамбаев менен Сергей Шойгу пикир алышууда
Президент Алмазбек Атамбаев Орусия менен Кыргызстандын аскердик багытта кызматташуусу жемиштүү болорун айтты
Сергей Шойгу кыргыз-орус мамилеси тыгыз уланып жатканын белгиледи

25-июнда президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуну кабыл алды. Өлкө башчы министрди кабыл алып жатып “Орусия менен аскер багытындагы кызматташтыгыбыз абдан жемиштүү болот деген үмүттөмүн” деп баса белгиледи. Өз кезегинде Сергей Шойгу акыркы жарым жылдын ичинде бул 2-жолугушуу экендигин белгилеп, “бул жагдай биздин мамлекет башчыларыбыздын, өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин ортосундагы тыгыз мамиле түзүлгөндүгүн дагы бир ирет тастыктайт” деген сөзүн айтты. Ошондой эле ал президент Алмазбек Атамбаевге Орусиянын президенти Владимир Путиндин эң жакшы каалоолорун билдирди. Шойгу кызматташуунун алкагында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн колдоо программасы каралып, 2014-жылдан баштап Кыргызстанга аскер техникасын жеткирүү болжолдонуп жаткандыгын маалымдады.

Мындан сырткары жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мындан аркы аскер-техникалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелери да талкууланды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: