super.kg logo

Депутат ӨКМга: "Табигый кырсыктардын уруктуулугун жогорулатып, көбөйтөйүн деп жатасыңарбы"

 

Төрөбай ЗулпукаровӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин насыя алуу боюнча келишимдин долбоору депутаттар тарабынан сынга кабылды. Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин 18-июнундагы жыйынында депутаттар насыя алуу боюнча негиздеме кат бир топ каталар менен жазылганын айтышты.

Депутат Төрөбай Зулпукаров келишимдин аталышындагы "туруктуулукту жогорулатуу" деген бөлүгү "уруктуулукту жогорулатуу" деп жазылып калганын баса белгиледи. Эл өкүлү "табигый кырсыктардын уруктуулугун жогорулатып, көбөйтөйүн деп жатасыңарбы?" деп сынга алды.

"Насыя алуу боюнча келишимдин негиздемесинде "кызыкдар министрлик" деп жазыптырсыздар. Эмнеге кызыкдарсыздар? Насыяга кызыкдарсыздарбы? Мындай аталыш эч жерде жок. Бизде "тармактык министрлик" деген түшүнүк бар", - деди Зулпукаров.

Мындан тышкары ал буга чейин аванс катары алынган 3 миллион 600 миң доллар кайсы жакка кеткенине кызыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысынын айтымында, аталган каражаттар ӨКМга, Билим берүү жана илим министрлигине жана 2 тийиштүү мекемеге берилген. Ага керектүү жабдыктар жана куткаруучулар үчүн шаймандар сатып алынган.

Депутат Улан Примов да грамматикалык, техникалык каталар көп кеткенин эскертти.

Статс-катчы келишимдин негиздеме катындагы кетирилген катачылыктар жоюларын, мындан ары катуу көңүл буруу менен жазыларын билдирди.

Маалыматка караганда, алынып жаткан каражаттардын басымдуу бөлүгү авариялык абалдагы мектептерди жакшыртууга сарпталат. Учурда өлкөдө 192 мектеп кооптуу абалда.

Учурда аталган тармактык комитетте өкмөт менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Кыргыз өлкөсүндөгү табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу долбоору каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
18.06.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол депутаттарды кошо соттош керек!!!

Мектептерди курууга болунгон 1,5 миллиард сомду кочмондор оюнуна жумшап, жеп коюп, бугун 192 мектеп авариялык абалда деп отурганынар кандай?!! Эми ошолорду ондоого карыз издеп баштадынарбы?!!

Андай экенсинер, кочмондор оюнун откоруп эмне кыласынар, бюджет тартыш болсо?!!

Жаш муундардын келечегинен оюк-зоок абзел болдубу силерге?!! Эртен ошол 192 мектептин кай бироо кулап окуучуларды басып калса, кана кимин жооп береси
18.06.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол 1,5 миллиард сомду кочмондор оюнуна болууго кызыкдар болгон жана макул болгондордун баарын кылмыш жообуна тартуу керек... Кочмондор оюнун уюштуруу жана откоруудо ото чон коррупция болгону айтылып эле келет, анан эмнеге текшерилбейт?!!

Ошол акчага 30-50 мектеп курулмак эн азынан... Тиги Жер-Уйдун инвесторлору паланча мектеп куруп бермей болду деп, ал да жок...

Ошончо алтын-кумуш тышка ташылып кетип жатат, бизде болсо мектеп курууга акча жок. Муну кандай тушунсо боло
18.06.2018. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин бийлик карыз алууга уста, ошол акчадан "доля" суроого уста...

Бул акча кандай шарт менен, кандай усток менен алынып жатат, аны ким, кантип толойт, ал боюнча баштары да оорубайт...

Анан ушундай жепжутар депутаттар вообще керекпи бизге?!! Балким жоюп салуу жакшы чыгаар, пайдасыз ашка жук башка жук 120 депутат учун ар жылы казынадан 1-2 миллиард акча короткуча. Ал акчага ар жылы 50-100дон жаны мектеп куруп турсак, ошол пайдалуу эмеспи?!!...

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: