Стамбул аэропортунун аймагынан дайынсыз болуп жаткан Кыргыз кызы табылып, мекенине кайтып келди
Стамбулдун аэропортунун аймагынан дайынсыз болуп жаткан Кыргыз кызы табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Дайынсыз болуп жаткан Н.К. аттуу жараныбыз 15-июнда Анкара шаарындагы ооруканалардын биринен табылганын Түркиядагы элчилик тастыктады. Мындан тышкары, банктан акчасы алынган деген маалыматты кыздын атасы өзү алгандыгын айтып берди. Кыргыз кызы 15-июнь күнү Элчиликтин кызматкерлери жана бир тууганынын коштоосунда Анкаранын аэропортуна жеткирилип, ошол эле күнү Бишкек шаарына аман-эсен учуп келген.
"Жараныбыз эмне себептен белгисиз болуп кеткени тууралуу маалыматты коомчулукка айтуудан баш тартты. Мындан улам башка маалымат менен кошумчалай албай тургандыгыбызды билдирем", - деди маалымат катчы Айымкан Кулукеева.
Эске салсак, Нургиза Кулмамбетова Торонто-Стамбул-Бишкек рейси менен учуп келе жатып Стамбулдун аэропортунун аймагынан дайынсыз болуп, издөөгө алынган.


Туркиядагы сойку кыргыз кыздары боюнча маалыматтын коптугунон, Туркияда кыргыз кызы десе эле жаман ойлой турган болуп калдык автоматически...