super.kg logo
  Спорт  

Видео кайталоо системи Швецияга жеңиш алып келди

 

Бүгүн, 18-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "F" тайпасынын оюндарынын алкагында Швеция менен Түштүк Корея курама командаларынын беттеши өтөт. "Төмөнкү Новгород" стадионунда орун алып жаткан беттеш бир нече мүнөттөн кийин башталат.

17:50. Швеция курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Робин Ольсен ("Копенгаген", Дания);
  • Коргоочулар: Микаэль Лустиг ("Селтик", Шотландия), Андреас Гранквист ("Краснодар", Орусия), Людвиг Аугустинссон ("Вердер", Германия), Понтус Янссон ("Лидс", Англия),
  • Жарым коргоочулар: Эмиль Форсберг("Лейпциг", Германия), Виктор Классон("Краснодар", Орусия), Албин Экдаль ("Гамбург", Германия), Себастьян Ларссон ("Халл", Англия),
  • Чабуулчулар: Ола Тойвонен ("Тулуза", Франция), Маркус Берг ("Аль-Айн", БАЭ).
  • Башкы машыктыруучу: Роберто Мартинес (Испания)

17:53. Түштүк Корея курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Чо Хену("Тэгу");
  • Коргоочулар: Ким Енгвон ("Гуанчжоу Эвергранд", Кытай), Чан Хенсу ("Токио", Япония), Пак Чухо ("Ульсан Хендэ"), Ли Ен ("Чонбук Хендэ Моторс"),
  • Жарым коргоочулар: Ки Сонъен (клубу жок), Ку Жачхоль ("Аугсбург", Германия), Ли Жэсон ("Чонбук Хендэ Моторс"),
  • Чабуулчулар: Сон Хынмин ("Тоттенхэм", Англия), Ким Синук ("Чонбук Хендэ Моторс"), Хван Хичхан ("Зальцбург", Австрия);
  • Башкы машыктыруучу: Син Тхэ Ён (Түштүк Корея).

17:55. Беттештин башкы калысы Хоэль Агилар (Сальвадор) болот.

17:57. Командалар талаа үстүнө чыгышып, өлкөлөрдүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

18:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш старт алды.

18:01. Алгачкы эреже бузууга кореялык футболчулар жол берди. Швециялыктар топко ээ болушту.

18:02. Швециялыктар дагы эреже бузуу менен жооп беришти. Атаандашынын айып аянтчасында Классон кореялык футболчуну жыгылтты.

18:03. Кореялыктар бурчтан топту көтөрүштү. Топко алгач дарбазачы жетишти.

18:04. Швециялыктар эреже бузуп кореялыктар айып сокку узатканга мүмкүнчүлүк алды.

18:06. Ким Синук айып соккуну аткарды. Анын айып аянтчага көтөргөн тобун швециялыктар тосуп алышты.

18:09. Маркус Берг эреже бузду. Кореялыктарда дагы бир мүмкүнчүлүк.

18:11. Беттештеги алгачкы сары айып кагазын кореялык футболчу алды. Ким Синук айырмалана алды.

18:13. Себастьян Ларссон атаандашынын аянтчасында кооптуу абал жаратты. Бирок Чо Хену топко биринчилерден болуп жетти.

18:15. Швециялыктар өзүнүн позициялык чабуулун улантууда. Бирок айып аянтчага кирүү аракети аягына чыкпай жатат.

18:17. Андреас Гранквист айып аянтчага кирип келүүгө үлгүрдү. Бирок коргоочулар топко биринчи жетип калышты.

18:20. Маркус Берг дарбазачы менен бетме-бет чыгып сокку узатты, сокку таамай болгону менен Чо Хену аны тосуп алды.

18:21. Понтус Янссон бурчтан көтөрүлгөн топту башы менен дарбазаны көздөй багыттаганга аракет жасады. Бирок аракети ийгиликсиз болуп калды.

18:23. Кореялыктардын чабуулу ийгиликсиз болуп калды. Швециялыктар топту илип кетишти.

18:25. Кайрадан швециялыктардын чабуулу орун алды. Айып аянтчага көтөрүлгөн топко биринчи дарбазачы жетти.

18:26. Кореялыктар азырынча 10 оюнчу менен ойноп жатышат. Пак Чухо жаракат алып, дарыгерлердин жардамына муктаж.

18:27. Чухо оюнду уланта албай анын ордуна оюнга Чжу-Хо Пак кирет.

18:29. Маркус Берг айып аянтчанын сызыгынан сокку узатты. Анын соккусун коргоочулар тосуп алганга жетишип калды. Эгерде коргоочу болбосо гол болуш керек болчу.

18:31. Жарым сааттык беттештин жүрүшүндө швециялыктар 9 жолу эреже бузса, кореялыктар 19 жолу эреже бузганга үлгүрдү.

18:33. Топто ээлик кылуу боюнча азырынча 56 пайыз менен швециялыктар алдыда келе жатышат.

18:34. Кореялыктардын контр-чабуулу. Футболчу 80 метр аралыкты чуркап өтүп айып аянтчага кирип келген, ал 3 коргоочуга туш болуп дарбазага сокку узата алган жок.

18:37. Кореялыктар бардык 11 оюнчусу менен коргонуп атаандаштарына гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатышат.

18:41. Кореялыктар чабуулда дагы ойной ала турганын көрсөттү. Ким Синук айып аянтчага кирип келип сокку узатканга аракет жасаган. Бирок коргоочулар аны жыгылтканы менен калыс эреже бузууну байкаган жок.

18:43. Ола Тойвонен жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болчу, коргоочулар ага сокку узатканга жол бербей топту тартып алышты.

18:44. 1-таймдын негизги убактысы бүтөрүнө 1 мүнөт калды. Топко ээлик кылуу боюнча швециялыктар көрсөткүчүн 59 пайызга чейин жогорулатса, кореялыктар 41 пайызга чейин төмөндөттү.

18:45. Беттештин негизги убактысы соңуна жетип калыс 2 мүнөт убакыт кошуп берди.

18:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аягына чыкты.

19:03. 2-тайм старт алды.

19:05 Эмиль Форсберг айып аянтчанын сыртынан сокку жасап таамай болгон жок. Топ дарбазадан жогору өтүп кетти.

19:07. Ларссон атаандашына каршы орой ойноп эреже бузду.

19:09. Ку Жачхоль 11 метр аралыктан башы менен мыкты сокку узатканга жетишти, топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.

19:11. Хван Хичхан атаандашына каршы орой ойноп сары айып кагазып калды. Швециялыктар айып сокку аткарат.

19:13. Чо Хену дарбазасын сактап калды. Айып аянтчага көтөрүлүп берген топту Тойвонен дарбазага багыттаса, Хену тосуп алганга жетишип азырынча каршылаш дарбазачыга караганда мыктыраак оюн көрсөтүүдө.

19:15 Хван атаандаштарын тынчсыздандырды. Анын айып аянтчага көтөрүп берген тобуна коргоочулар биринчи жетишти. Бурчтан көтөрүү орун алат.

19:18. Виктор Классон сары айып кагазы менен белгиленди. Бул швециялыктардын алгачкы айып кагазы болду.

19:19 Башкы калыс видео байкоо системи менен колдонот. Кореялыктар айып аянтчасында эреже бузду окшойт. Пенальти коюлушу мүмкүн.

19:20. Пенальти! Калыс эреже бузууну көрүп калды. Пенальтини Гранквист аткарат.

19:22. Г-о-о-о-л! Эсеп 1:0. Андреас Гранквист пенальтини мыкты аткарды. Чо Хену сокку кайсы тарапка багытталганын алдын ала биле алган жок

19:25. Ким Синук оюн талаасынан кетет. Аны Ён Чон алмаштырды.

19:27. Швециянын курамасында дагы оюнчу алмашты. Албин Экдалдин ордуна Оскар Хильмарк чыкты.

19:29. Кореялыктар дагы бир алмаштыруу жасады. Ку Жачхолдун ордуна Сынву Ли оюн талаасына чыкты.

19:32. Ола Тойвонен алмаштырылды. Анын ордуна Айзек Телен чыкты.

19:34. Кореялыктар эсепти тең кылууга канчалык аракет жасаганы менен, алардын чабуулу ийгиликтүү жыйынтыкталбай жатат.

19:36. Оюн убактылуу токтоду. Себастьян Ларссон жаракат алып калды көрүнөт.

19:37. Ларрсон беттешти уланта албай калды. Анын ордуна Густав Свенссон чыгат.

19:38. Ли Ендун дарбазага багытталган кооптуу, күчтүү соккусун коргоочу тосуп алды.

19:42. Кореялыктар топко ээлик кылып, позициялык чабуулга чыкканга аракет жасап жатышат. Бирок чабуулдар ийгиликсиз.

19:44 Беттештин негизги убактына 3 мүнөт убакыт калганда топко ээлик кылуу боюнча статистикада швециялыктар 60 пайыз, кореялыктарда 40 пайыз.

19:47. Беттештин негизи убактысы жыйынтыкталды. Калыс 4 мүнөт убакыт кошту.

19:51. Оюн бүттү. Швеция курамасы 1:0 эсебинде жеңишке жетип, "F" тайпасында Мексика менен 1-орунду талашууда.


кошулду





Швеция-Түштүк Корея

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
18.06.2018. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ ссылка берчи.жуз уккандан бир коргон жакшы
18.06.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rasul94,Плеймаркеттен МАТЧКЛУБ деп скачать этсен ошо жакта туз эфир корсон болот.
18.06.2018. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiba-889290,рахмат
19.06.2018. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rasul94,
Саламатсызбы! Шилтеме: https://www.super.kg/media/uservideo/222649/
18.06.2018. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азиянын командаларына ийгилик!!!
18.06.2018. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туштук Корея уйуно кайтууга даярдык коро берсе болот... Кийинки оюнда Мексика да бар кучу менен ойнойт. Анткени Мексика кийинки баскычка чыгуу учун Туштук Корея менен Швециянын бироосун утууга тийиш... Туштук Корея Мексиканы уткан кундо да (Мексикалыктарды утаарына эч ишенбейм), Германия акыркы турда Туштук Коеряны утаары турган иш. Анткени Германия кийинки баскычка чыгуусу учун Швецияны да, Туштук Кореяны да утууга милдеттуу...

Так что Туштук Кореянын шансы калбады...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: