super.kg logo
  Саясат  

Депутат Аида Касымалиева ЖЭБдеги түтүктүн жарылышы боюнча: "Текшерүү болду дегенге өтө деле ишенген жокмун"

 

16-июнда Бишкек ЖЭБинин аймагында түтүк жарылган. Анда "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы жыл сайын ысык суу өчүрүлгөндө пландык негизде текшерүү иштери жүргүзүлө турганын түшүндүргөн. Түтүктөрдүн жогорку басымга чыдамдуулугу текшерилгенин айтып, мекемеден ЖЭБде эч кандай авария болбогонун кабарлашкан. SUPER.KG порталынын чын эле атайын текшерүү иштери болгонбу деген соболуна КСДП фракциясынан Аида Касымалиева жооп берди.

Ал текшерүү иштери жүргүзүлгөн дегенге өтө деле ишенбегенин билдирди. "Барып көрүп, текшерүү керек. Жогорку Кеңештин жыйынына келишсе сурайм. Чын эле пландык текшерүү болсо, суу антип атылбайт болчу. Башка жылдары деле антип атылган эмес. Кызыктай кырдаал түзүлүп калды", - дейт Касымалиева.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мыктыбек Абдылдаев, Аалы Карашев, Сайдулла Нышанов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, ЖЭБдин мурдагы башчысы Лев Васильев, эксперт Расул Умбеталиев жана жарандык активист Жеңиш Молдокматовдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: