Абылгазиев: "Москвада Кыргыз жараны сүзүп кеткен жабырлануучуларды өлкөгө келип бекер эс алууга чакырам"
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"16-июнда Москва шаарынын борборунда биздин мекендешибиз, Кыргыз Республикасынын жараны Чыңгыз Анарбек уулу унаа менен жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен бир нече адам, анын ичинде футбол күйөрмандары жабыркаган. Бул абдан өкүнүчтүү, бирок атайын жасалган жок", – деди өкмөт башчы.
Мухаммедкалый Абылгазиев Кашкар Жунушалиевге Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев менен жолугушуусу пландалган жакынкы күндөрдөгү Орусияга болчу иш сапарында жабыркагандарды барып көрүүнү тапшырды.
"Бул окуя Орусиянын аймагында иштеген биздин жарандарыбыз үчүн куугунтуктоолор жана кысым көрсөтүүлөр үчүн себеп болбошу керек. Бул кырсык. Ошол эле учурда Кыргыз өкмөтүнүн атынан жол кырсыгынан жабыркагандардан кечирим сурап, аларды Кыргыз Республикасына эс алууга жана реабилитациядан өтүүгө чакырууну өтүнөм. Бизде саламаттыкты калыбына келтирүү жана кызыктуу эс алуу үчүн мыкты шарттар бар. Биз жабыркагандардын учуу жана эс алуусун уюштуруу боюнча бардык чыгымдарын өзүбүзгө алууга даярбыз", – деп баса белгиледи Абылгазиев.
Аны менен бирге премьер-министр ички иштер министрине Чыңгыз Анарбек уулу менен жолугушуп, ага тиешелүү деңгээлде юридикалык жардам көрсөтүү маселесин чечүүнү тапшырды.
кошулду


Жаны окмот карапайым калкка кол сунуу менен Эл ишенимине кирип жатат. Аллах раазы болсун. Эл умутун актап, убалдан корккула.
Чынгыздын башына оор кундор тушуп турганда сиздин кол учун сунганыныз абдан жакшы иш,ишинизге ийгилик,ар дайым ушундай болуп Кыргыз элин ойлоп журушунузду каалайбыз!