super.kg logo
  Саясат  

КСДП: "Сомали жана тик учактар боюнча чуунун максаты - Атамбаевдин кадыр-баркына көлөкө түшүрүү"

 

"Сомали жана тик учактар боюнча чуунун максаты - Атамбаевдин кадыр-баркына көлөкө түшүрүү", - деп 18-июнда КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирүү таратты.

Ал билдиргендей, Сомалиге тик учактарды ижарага берүү боюнча буйрукка экс-президент Алмазбек Атамбаев кол койгон деп басылмаларга чыгып жаткан маалымат бул "фейк".

"Биринчиден, тик учактарды ижарага берүү Башкы штабдын демилгеси болчу. Экинчиден, бул демилге ишке ашпай калып, тик учактар Кыргыз мамлекетинде калган. Мында мамлекеттик ири көлөмдөгү каражатты уурдады деп иштен алынган мурунку коргоо министри Абибилла Кудайбердиевге шилтеме жасап, Атамбаевдин кадыр-баркына көлөкө түшүрүү - башкы максат экени түшүнүктүү болуп турат", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев "Орусиядан, Америкадан жардамга келген тик учактар Сомалиге ижарага берилгени жатат" деп айткан. Орусиялык басылмалар 4 тик учакты Сомали мамлекетине ижарага берүү боюнча буйрукка Алмазбек Атамбаев кол койгон деп жазып чыгышкан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: