ЭЛДИК КАБАР: "Өлкөгө 120 унааны мыйзамсыз киргизген адамдар сыртта жүрөт, ортодо сатып алгандар жабыр тартып калдык"
"Кыргыз өлкөсүнө 120 унааны мыйзамсыз киргизген адамдар сыртта жүрөт, ортодо сатып алгандар жабыр тартып калдык" деп окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу билдирди.
"Коррупциялык жол менен Кара-Көлдөн каттоодон өткөн 47 унаа бар экен. Мына ошол унаалардын ичинде бирөө - менин унаам. Мен унааны быйыл 18-январда нотариус аркылуу ишеним кат менен сатып алгам. Андан кийин 7-февралда келинчегимдин атына Ысык-Ата районунда каттоого тургузуп, техникалык паспорт алганбыз. 7-июнь күнү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан келип унааны текшерүүгө алып барууну суранган. Мындан улам баары мыйзам чегинде болсун деп макул болуп, текшерүүгө алып барганда, документтерди жана ачкычты алып, унааны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына токтотуп коюшту", - дейт окурман.
Окурмандын айтуусуна караганда, унааны коррупциялык систем жолу менен келгенин камакка алгандан кийин түшүндүрүп берген.
"Алардын токтому менен таанышсам, камакка 16-мартта коюп жатышат. Анан эмне үчүн мен каттоого тургузуп жүргөндө же былтыркы жылдан бери камакка алуу тууралуу эч жерге жарыялаган эмес? Эгер жарыяласа, биз албай коймокпуз да. Алып жаткан учурда каттоо жана экспертиза бөлүмдөрүнө текшерткенде эч кандай мыйзам бузуу катталган эмес. Мен бирөөнүн колунан сатып алгам, ал дагы башка бирөөдөн сатып алган экен", - дейт.
Окурман учурда унааны өлкөгө мыйзамсыз алып кирген адамдар өлкөдөн чыгып кеткенин, алардын кармалбай жатканын билдирди. Ошондой эле ал жеке укугу тебеленип жатканын кошумчалады.
"Кылмыш ишинин бети ачылганча унааны берип турса, анткени соттошконго убактым жок, бойго жете элек 4 балам бар. Аларды бала бакчага алып барып туруш керек. Учурда унааны Кыргыз Республикасына алып кирген балдар, өлкөдөн сыртта жүрөт. Алардын качан кармалары белгисиз", - дейт окурман.





1 |