Премьер-министр Баткен облусундагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты
Бүгүн, 18-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кайрагач жана Кулунду айылдарындагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчы ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн тиешелүү шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи. "Жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүү биз үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө байланыштуу маселелерди ыкчам тартипте чечүү зарыл", - деди Абылгазиев.
Премьер-министр жергиликтүү бийлик жетекчилерине дыйкандарга туруктуу негизде максималдуу жардам көрсөтүүнү, анын ичинде "Айыл чарбасын каржылоо-6" долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыяларды алууда консультациялык кызмат көрсөтүүнү тапшырды. Ошондой эле Абылгазиев өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевге жазгы талаа иштеринин жүрүшүн тиешелүү деңгээлде көзөмөлдөөнү тапшырды.
Жергиликтүү фермерлер консервалык цехти жана логистикалык борборду ачуу маселесин көтөрүп чыгышты.
Премьер-министр бул маселелер баскыч-баскычы менен чечилерин белгиледи. "Өз кезегинде ата мекендик өндүрүүчүлөр тиешелүү стандарттарды кармануу менен ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукцияларды экспорттоого басым жасоолору керек", - деди ал.











1 |