super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте бир учурда 2 төрөткана жабылды, көз жара турган келиндер кайда барарын билбей убара" дейт окурман

 

"Бишкек шаарындагы №4 жана №6-төрөтканалар бир учурда жабылды. Экөө тең Бишкектин түштүк тарабында болгондуктан шаардын бул бөлүгүндө жашаган, ай-күнү жакындаган аялдар кайда барарын билбей жатышат", - деп окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу жазды.

Окурмандын билдирген маалыматына ылайык, аталган төрөтканалар оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылган. 1-июлга чейин эч кимди кабыл ала албайт.

"Шаардын түштүк тарабында жашап, ушул төрөтканаларга бара тургандар кайда барышыбыз керек? Башка төрөтканаларга барганда маселе жаралбайбы? Көпчүлүк энелерди бир учурда 2 төрөткананы жабуу чечими таң калтырууда. Кош бойлуулуктун акыркы мөөнөттөрүндө түрдүү кырдаалдар болуп кетиши мүмкүн, мындай жагдайлар эске алынган эмеспи? Деги эле төрөтканалардын жабылгандыгы тууралуу көз жара турган келиндердин маалыматы барбы?" - деп окурман өзүнүн билдирүүсүндө суроо салган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.06.2018. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балее болгон го толготкондор торогонго жер жок )))
19.06.2018. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
103 ко чалса эле кайсыл роддомго барарынарды айтышат
20.06.2018. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
esmanur,чалганды алар деле билет.Башка роддом кел деп кучак жайып тосуп алат. Бирок артынан акчасын шыпырат ошол учун жиберди окурман
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: