Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата жаңы китептерди басып чыгарууга 5 жарым миллион сом сарпталат

Кыргыз улуттук тил жана адабият академиясы адабият классиги Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жаңы китептерди басып чыгарууга 5 миллион 500 миң сом сарптайт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.
Белгилүү болгондой, жогорудагы сумма Чыңгыз Айтматовго арналган "Манастай айкөл" 2 томдон турган ырлар жыйнагын басып чыгарууга жумшалат. Ошондой эле залкар жазуучунун чыгармаларын кыргыз тилинде (3 томдон турган) жана орус тилинде (5 томдон турган) изилденген китептерди чыгарууга сарпталат. Ар бир китеп миң нускада чыгарылары айтылат маалыматта.
Ал эми 1 миллион сом 1 миң 200 экземпляр "Чыңгыз Айтматов" энциклопедиясын жана 500 экземпляр альбом чыгарууга жумшалат. "Айтматов жана бүткүл дүйнөлүк руханий маданият" жыйнагы жана эл аралык симпозиумду өткөрүү үчүн 500 миң сом каралган.







1 |