Бишкекте жолдон өтүп бара жаткан адамдарга карата ок чыгарган 2 жаран кармалды
Бишкектеги көчөлөрдүн биринде өтүп бара жаткан адамдарга карата ок чыгарган 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдирди.
Маалым болгондой, окуя 17-июнь күнү эртең мененки саат 6:30дар чамасында Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.
"Борбор калаанын тургунунан бизге маалымат келип түшкөн. Анда жабырлануучу таанышы менен көчөдөн өтүп бара жатканда белгисиз адамдар аларга карата бир нече жолу ок чыгарган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, травматикалык тапанчанын жана гильзанын 45 Rubber калибрдеги огун табышкан. Ал эми жабырлануучулардын бири жеңил жаракат алса, экинчиси башынан жаракат алып республикалык ооруканага жаткырылган. Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Т.А. жана 21 жаштагы А.У. аттуу эки адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери улантылууда", - дейт басма сөз кызматы.
Ошондой эле шектүүлөр кармалган учурда алардын унаасынан травматикалык тапанча, 2 магазин жана 9 ок-дары табылганын билдирди.

ИИМ, Прокуратуранын абалы ушулбу?!!
Соке эч нерсени кыйратпады, олкодо кайра эле бардак, мыйзамдар болсо иштебейт. Сотторго мин сын айтылганы менен ошол ошол бойдон...
Сокенин колунан куру суйлогондон башка иш келбейт экен......
Болоор бала б.... дейт, 60 жашка чыккыча эч бир иши менен элге корунбогон Сокен 60тан ашканда иши менен корунобу?!!
Ортодо 7 ай убакыт отту, 7 айда куру создон ишке откону кана?!! 7 айда бир иштин башына чыга албаган Сокен эми кыйратат беле