Эркектерди кыз ала качууга түрткөн 3 себеп. Акыйкатчынын версиясы
Кыргыз өлкөсүндө жылына 45-50 миң үй-бүлө курулат. Бул тууралуу парламенттин тармактык комитетинин жыйынында акыйкатчы Кубат Оторбаев айтты.
Анын айтымында, жылына курулган үй-бүлөлөрдүн 20 пайызы ала качуу жолу менен түптөлөт.
"Ала качууга эркек тарабынан негизги 3 нерсе себеп болот. Алар: калың төлөөдөн качуу, кыздар менен таанышуудан тартынуу, кыздын ата-энесинин каршы болушу. Мындан башка да себептер бар. Ала качуу менен курулган 20 пайыз үй-бүлөлөрдүн 6 пайызы зордуктоо менен коштолгон. Кыз ала качуу окуялары шаарга салыштырмалуу айылдарда 2 эсе көп болот", - деди Оторбаев.
Учурда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде акыйкатчы Кубат Оторбаев 2016-жылдагы адам укугунун абалы тууралуу баяндама жасоодо.


2-досторго улак майда чуйдо.
3-женелер келишет аларга чоон кой.дасторкону.
Анан эртеси айылга тойчук ана расход.
Лучше кыздын ата энесине 200 наличка алып барсан кызын кийинтип алып чыгып берет. Анан нары жагы загс и жизнь начинается