Тартип сакчысы коомдук тамактануучу жайда эмнеге тамагына таштанды салды? Кызматтык иликтөө жүрүүдө
Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө" "Тартип сакчысы эмне үчүн тамагына таштанды салды?" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Видеодон коомдук тамактануучу жайда отурган погончон адам өзүнүн тамагына кандайдыр бир нерсени салганын көрүүгө болот. Анын бул аракети кафедеги видеокөзөмөлгө түшүп калган. Анда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкери салфеткага оролгон нерсени тамакка кошуп, андан кийин официантты чакырган.
Социалдык тармактын колдонуучуларынын бири ал адам тамакка таштанды кошконун айтып, ушул эле окуянын бет маңдайынан тартылган видеосу да бар экендигин айтууда.
Бул окуя боюнча Жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторовго кайрылганда кызматтык иликтөө жүрүп жатканын айтты.
"Бул окуя Ысык-Көл облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлорунун катышуусунда болгон. Учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен чечим чыгарылат", - дейт Оторов.
кошулду
МАИ кызматкери тамакка акча төлөбөө үчүн ага таштанды салып койду


























1 |