super.kg logo

Элчи Кылычбек Султан "кара тизме", экс-президент Атамбаев жана абактагы Текебаев тууралуу жазды

 

Кыргыз мамлекетинин Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан экс-президент Алмазбек Атамбаев жана абактагы оппозиция лидери Өмүрбек Текебаев менен жолугушканы жана учурда саясий чөйрөдө кеп болуп жаткан "кара тизме" тууралуу социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазды. Элчи жогорудагы эки саясатчы менен көрүшүүнүн алдында "кара тизмеге" кирип каласың" деген эскертүүлөр болгонун билдирет.

Элчинин жазганына караганда, ал "кара тизмеге" кирип калышы мүмкүн" экендигине карабастан Атамбаевге да, Текебаевге да жолугуп, ал-жай сурашып чыккан.
"Эки кыргыздын башы бириксе, сөзсүз саясатты сүйлөшпөй койбойт эмеспи, элибиздин учур чагын, келечегин, ал эле эмес, тээ Малайзиядагы Махатхирди да сүйлөштүк. Алмазбек Шаршенович өлкөбүз Малайзиядагыдай парламенттик башкаруу жолуна бара жатканына ичи жылыганын билдирди. Өмүрбек Чиркешовичтен болсо азыр эле түптүз барып мамлекетти башкарып кете алчудай темирдей бекем эркти байкадым. Бирок ден соолугу анча эместей", – деп жазган Кылычбек Султан. Интернет тармагында жазган билдирүүсүн элчи "Баса, "кара тизме" тууралуу... Кореяда "кара тизме" түзгөнү үчүн быйыл кээ бир аткаминерлер алдылары бир нече жылга кесилип, арты олчойгон айып пул төлөөгө милдеттендирилишти" деген сөздөр менен аяктаган.

Маалымат үчүн: Түштүк Кореяда ушул жылдын башында мурдагы маданият министри эки жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле президенттик администрациянын мурдагы башчысы төрт жылга соттолгон. Алардын жогорудагыдай жазаларга туш болуусуна учурунда экс-президент Пак Кын Хени сындагандарды "кара тизмеге" киргизишкени негиз болгон. Ал тизмеге баш-аягы 10 миңдей адамдын, көбүнесе маданият тармагынын кызматкерлери киргизилгени белгилүү болгон.




кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
19.06.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кореянын политикасы мн Кыргызстандыкын салыштырып эч болбойт!!!
Дуйнодо эч нерсесине карабай президентин соттогон олколордун эн алдында турат.
19.06.2018. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбаев Текебаев Жээнбеков булар жарабайт.Адахан Мадумаров Президент Садыр Жапаров пр министер болсо Кыргызстан бат эле онугуп кетет.
19.06.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nemo2016, ээ каяктагыны айтпачы. Кыргызды каратып туруп Каркыраны сатып ийген Адахандын колунан жакшылык келбейт. Омуру коро албастык менен келе жатат. Садыр Жапаров болсо Кумторго куйумуш болуп атып Жыргалан комур кенин менчиктештирип алган. Аны озунун колдук эли колдобой журот
19.06.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
007aym,ХХХХХХХ АшА президентин бирнерсени кыйратып койгондой ХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-19 16:15:31
19.06.2018. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sultanmatievkg, билдирүүңүз түзөтүлдү, жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Порталдын эрежелерин сактаңыз!
20.06.2018. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sultanmatievkg,АШАн менен ишим жок. АШАНдын кашасы чыгып калды го. Мен азыркы президенттин ишмердїїлїгїн колдойм
19.06.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
АШАны калп эле жамандоо, каралоо журуп жатат. Убагында баары АШАга туз мамиледе эле болуп журушкон. АША азаматсын коп иш жасадын.
19.06.2018. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бири малайзияны бири кареяны бири америка
19.06.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кылычбек Султанов мырза Кореяда биздегидей тааныш тунуштук менен элчилике кызматка турууда болбосо керек э?
19.06.2018. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jbolotov,++++
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: