super.kg logo
  Саясат  

Энергетиканын экс-министри Картайбек Мукамбетов: "ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш иштерин көрүп "Өлкөдө таза киши барбы?" деген суроо жаралат"

 

Коррупция боюнча соңку кылмыш иштери ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголуп жатат. SUPER.KG порталынын паракорчулук бир гана ЖЭБде барбы деген соболуна Энергетиканын экс-министри Картайбек Мукамбетов жооп берди.

Ал өлкөдө келечекке ишеним жоголгонсуп баратканын айтты. "Сөздүн ачыгын айтканда, чиновниктерди кармаса баарынан эле паракорлор чыкчудай болуп калды. Кайда бара жатканыбызды билбей, өзүмдүн дагы башым айланып калды. Кубанычбек Кулматовдун атасы таза жүргөн адам эле. Мындан улам "Кантип эле анын баласы ушундай жолго барды?" деген суроо жаралат. Такыр эч нерсеге ишенбей калдым. Келечекке ишеним жоголуп бараткандай сезилип жатат. "Кыргыз мамлекетинде таза адам барбы?" деген күмөн пайда болду", - деген ойдо Мукамбетов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исланбек Сарсейитов, Мирлан Бакиров, Алтынбек Жунус уулу, Улугбек Ормонов, Махабат Мавлянова, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев, укук коргоочу Качкын Булатовдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: