super.kg logo
  Саясат  

Депутат Махабат Мавлянова ЖЭБдеги коррупция боюнча: "Коррупция бардык министрликтерде бар"

 

Коррупция боюнча соңку кылмыш иштери ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголуп жатат. SUPER.KG порталынын паракорчулук бир гана ЖЭБде барбы деген соболуна "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Махабат Мавлянова жооп берди.

Ал коррупция менен жалпы күрөш болуп жатканын белгиледи.

"Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин жыйынында коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү керектигин айтып чыккан. Коррупция ар бир органдарда бар деп билдирген өлкө башчы. Коррупция боюнча эң чоң резонанстуу иш ЖЭБге байланыштуу болуп жатат. Негизи Токтогул ГЭСинде 400 миллион долларлык реконструкция жүрүүдө. Чоң насыялар кеткен тармактарды текшерип чыгуу керек. ЖЭБ бул мисал катары эле болуп калат. Мындай коррупция ар бир насыя алынган мамлекеттик инвестиция болгон жерлердин баарында бар деп айта алабыз. Мамлекеттик органдарда, министрликтерде, мекемелерде кичинекей ишканадан баштап чоң жерлердин баарында коррупция бар", - деди Мавлянова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исланбек Сарсейитов, Мирлан Бакиров, Алтынбек Жунус уулу, Улугбек Ормонов, энергетиканын экс-министри Картайбек Мукамбетов, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев, укук коргоочу Качкын Булатовдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: