super.kg logo
  Саясат  

Ат-Башы районунун Казыбек айылы жаңы бала бакчага муктаж

 
Бала бакчанын сырткы көрүнүшү
Бала бакчанын полу минтип чирий баштаган
Жамгыр жааса чатырда суу тамат
Бала бакчада учурда 136 бала тарбияланууда

Ат-Башы районундагы Казыбек айылынын тургундары колунда бар адамдардан жаңы бала бакча курууга каражат жагынан жардам берүүнү суранууда. Айыл өкмөт башчысынын орун басары Дүйшөбек Абдыразаковдун айтымында, 2003-жылы айылдык ооруканага караштуу 2 имарат оңдоп-түзөлүп, жүздөй балага ылайыктуу бала бакча ачылган. 2009-жылга чейин ал жерде 6 кызматкер маяна албай иштеп, кийин мамлекет тарабынан маяна бөлүнүп бериле баштаган. “Бүгүнкү күндө бала бакчада 136 бала тарбияланууда же айылдагы жаш балдардын 31 пайызы. Дагы 69 пайызы же 400дөй бала учурда кезекте турат”,- дейт Абдыразаков. “Казыбек жеткинчек” аталыштагы бул балдар бакчасынын директору Гүлайым Молдакунованын айтымында, бакчада бардык шарттар түзүлгөн. Окуу китептери, көрсөтмө-куралдар жетиштүү. “Бирок имаратыбыз эски болуп, пайдубалы жана дубалдын түптөрү жарылып кеткен. Терезелерден, чирий баштаган полдун жыртыктарынан суук кирет, ошондой эле жаан жааганда чатырдан суу тамат. Тарбияланып жаткан балдар да керебеттерине эки-экиден болуп укташат”,- деди ал. Учурда Казыбек айылында бардык шарттары бар, 2 кабаттуу бала бакчанын курулуш долбоорунун сметалык документтери бүткөн. Имараттын курулуш наркы 23 миллион сомду түзөт. Айыл тургундары кайдыгер карабаган мекендештерибизден жаңы бала бакчанын курулушуна каржылык жактан колдоо күтүшөрүн билдиришти. Банктагы эсеп: ОАО «РСК Банк» №1290251900028068, БИК БАНК 129025






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: