super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мирлан Бакиров ЖЭБге байланыштуу камоолор боюнча: "Азыр жок дегенде бир тармакты тазалаганга мүмкүнчүлүк жаралды"

 

Коррупция боюнча соңку кылмыш иштери ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголуп жатат. SUPER.KG порталынын паракорчулук бир гана ЖЭБде барбы деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров жооп берди.

Анын айтымында, ЖЭБдин айланасындагы коррупциялык иштер боюнча бир топ адамдардын камакка алынышында депутаттык комиссиянын эмгеги чоң.

"Жогорку Кеңештин ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиясынын корутундусунан кийин токтом кабыл алынган. Ошол токтомдо укук коргоо органдарына 3 ай мөөнөт берилген. Анда конкреттүү фамилиялар жазылган. Менин оюмча, ошол токтомдун аткарылышын укук коргоо органдары камсыз кылып, жумуштар болуп жатат. Андан сырткары да бажы, музей, ипподром сыяктуу иштер боюнча да аракеттер жүрүүдө. Ар багытта коррупцияга каршы күрөш болуп жатат. ЖЭБ болсо резонанстуу иш катары көзгө урунуп жатат. Азыр жок дегенде бир тармакты болсо да тазалап алууга мүмкүнчүлүк жаралды. Энергетика тармагынын бүгүнкү күндө 100 миллиард сомдон ашык карызы бар. Коррупцияга каршы күрөшүүдө багыттуу кетсек жемиштүү болот", - деди Бакиров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исланбек Сарсейитов, Алтынбек Жунус уулу, Улугбек Ормонов, Махабат Мавлянова, энергетиканын экс-министри Картайбек Мукамбетов, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев, укук коргоочу Качкын Булатовдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: