super.kg logo
  Саясат  

Депутат Исланбек Сарсейитов: "Транспорт жана жолдор министрине туура эмес иштеген жумушчулары боюнча кайрылсам, аларды коргоп жатат"

 

Коррупция боюнча соңку кылмыш иштери ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголуп жатат. SUPER.KG порталынын паракорчулук бир гана ЖЭБде барбы деген соболуна “Кыргызстан” фракциясынан депутат Исланбек Сарсейитов жооп берди.

Анын айтымында, акыркы учурдагы кылмыш иштери депутаттык комиссия тизмеге киргизген адамдарга тийиштүү болууда.

“Мен да ошол ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияда мүчө болдум. Корутундуда биз көрсөткөн фамилияларды депутаттар колдоп берди. Азыр эми укук коргоо органдары иш алып барууда. Башка тармактарда да коррупция бар. Жакында эле Эсептөө палатасы акыркы жыйынтыгы боюнча акчаны максатсыз иштеткен министрлик Транспорт жана жолдор министрлиги экен. Министрге бир нече жумушчулардын ишиндеги кемчиликтер боюнча кайрылсам, аларды коргоп, чара көрбөй жатат. Биз фактылар менен кайрылып эле жатабыз.

Коррупцияга каршы президент эле эмес, командасы менен жапа тырмак күрөшүүсү шарт. Акыркы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш иштери кайсы бир командага багытталган деп эсептебейм”, - деди Сарсейитов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Мирлан Бакиров, Алтынбек Жунус уулу, Махабат Мавлянова, энергетиканын экс-министри Картайбек Мукамбетов, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев, укук коргоочу Качкын Булатовдун пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: