Ысык-Көл. Нарын шаарында өтүүчү фестивалга Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры "Өлүп тирилгендер" драмасы менен катышат
1-июль күнү Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы мамлекеттик драма театрында Таттыбүбү Турсунбаеванын 80 жылдык мааракесине арналган театралдык фестиваль өтөт. Фестивалга өлкөнүн бардык облустарынан келген театр кызматкерлери катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашат. Ысык-Көл облустук К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрдын директорунун орун басары Данил Сыдыковдун айтымында, аталган фестивалга Көл аймагынан 13 театр кызматкери “Өлүп тирилгендер” аттуу фантастикалык драма менен катышышат. Учурда ысык-көлдүк актёрлор фестивалга кызуу даярдык көрүп жаткан учуру.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















