super.kg logo

"Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишине нааразы болгон айрым ишкерлер бар" дейт экономика министринин орун басары

 

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишине нааразы болгон айрым ишкерлер бар. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Элдар Абакиров Жогорку Кеӊеш менен Федералдык Жыйындын ортосундагы кызматташтык мамилелер боюнча парламенттер аралык комиссиянын кезектеги отурумунун жүрүшүндө айтканын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

"Бул каржы институту өнүктүрүү фонду болбой эле, банкка айланып калды дегендей пикирлер да жок эмес. Демек, бизнести каржылоонун жаӊы усулдарына өтүү зарыл. Ошого карабастан фонддун ишинде кыйла жылыштар болду. 2017-жылы Кыргыз мамлекети менен Орусиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард 500 миллион долларды, ал эми экспорт 260 миллион долларды түзгөн. Ушул тапта аталган фонд 276 миллион доллар наркындагы 1064 долбоор жактырды. Фонд тарабынан каржыланган ишканалардын экспорту 35 пайызга өстү", - деп кошумчалады Абакиров.

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду эӊ ийгиликтүү долбоорлордун бири болгонун баса белгиледи. "Мисалы, фонддун көмөгү менен Кемин районунда эле эки ири долбоор ишке ашырылып жатыптыр, бул жакшылыктын жышааны. Азыр аймактарда, айрыкча кичи шаарларды өнүктүрүүгө өзгөчө көӊүл буруу зарыл. Анткени шаар түзүүчү мурдагы ишканалардын көбү банкрот болуп калды. Ал үчүн жеӊилдетилген насыяларды берүү, анын пайыздарын төлөө жана күрөөгө мүлк коюу шарттарын кайра карап чыгышса жакшы болмок", - деди Иманалиев.

Мамлекеттик Думанын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Заварзин аймактарды өнүктүрүү демилгесин толугу менен колдой турганын билдирди. "Аталган фонд каржы уюму эле эмес, ал эки өлкөнүн өз ара кызматташтык мамилелерин өркүндөтүүгө багытталган саясий институт да болуп саналат. Ошондуктан фонддун насыяларды берүү шарттарын кайра карап чыгып, аймактарды өнүктүрүү жаатында кыйла ийкемдүү усулдарды колдонсо болот", - деп кошумчалады Заварзин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.06.2018. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул фондго айрым ишкерлер эле эмес, элдин копчулугу нааразы... Бул фонд Бакиев убагындагы коррупциялашкан ЦАРИИден айырмасы аз болуп калды, бул фонд коррупциянын мекени болуп калды...

Башкасын кой да, бул фонддун президенти ай сайын 15000$дан маяна алуусу, фондлун акчалары ири соода борборлорун (ТРЦ) курууга акча болуп жатканын кантип айтпай кое аласын?!! Чукуй келсе, бул фонддо ЖЭБ менен Тарых музейиндеги коррупциядан кем калбаган коррупция табылат...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: