Ошто 1 жаштагы наристе каналга түшүп кетип каза болду
Кечээ, 19-июнь күнү Ош шаарынын Достук кичи районунда бир жашар наристе каналга түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, наристе үйдүн жанындагы агып жаткан каналга түшүп кеткен.
“Саат 19:19да ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматына №47-көчөдө жайгашкан 46-үйдүн жанындагы агып жаткан каналга 2017-жылы туулган И.Б.У. түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, баланын жансыз денесин табышкан. Каналдан табылган наристенин денеси туугандарына өткөрүп берилген”, - деп жазылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.