super.kg logo
  Саясат  

Игорь Чудиновдун ордуна келген депутат Бактыбек Турусбеков ант берди

 

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеште жаңы депутат Бактыбек Турусбеков ант берди.

"Жогорку Кеңештин депутаты болуп жатып Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип, Конституцияны жана мыйзамдарды так аткарууга ант берем", - деди Турусбеков. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков аны депутат болушу менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Бактыбек Турусбеков Игорь Чудиновдун ордуна "Бир Бол" фракциясынан депутат болуп келди.

Жаңы келген депутат буга чейин өкмөттүк аппараттын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Эске салсак, 2017-жылы Октябрь райондук соту 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган. Аталган иштин алкагында депутат Игорь Чудиновго 5 миллион сом айып салынган. 2018-жылдын 1-июнунда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Мындан улам Борбордук шайлоо комиссиясы Чудиновду мандатынан ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: