super.kg logo

Адис: "Жайкысын тамак-аштан уулануу көп болот. Жарандар тамак-аштын сакталуу мөөнөтүнө көңүл буруусу керек"

 

Жайкысын тамак-аштан уулануу көп болот, жарандар тамак-аштын сакталуу мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруусу керек. Мындай маалыматты Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш жана гигиена бөлүмүнүн башчысы Мамататхалил Мурзашов маалымат жыйын учурунда айтты.

Ошондой эле ал эгер жарандардан коомдук тамактануучу жайлардын үстүнөн арыз түшсө, анда ал жай дароо текшерүүгө алынарын кошумчалады.

ыйзам боюнча биз коомдук тамактануучу жайларды жылына бир жолу текшерип турабыз. Эгер жарандардан бузулган тамактар боюнча арыз түшсө, анда дароо текшерүүгө алынып, чара көрүлөт. Жай мезгилинде уулануулар көп болушу мүмкүн. Буга тамак-аш эле эмес, жайкысын ичеги-карын ооруларынын күчөшү да себеп болот. Жарандар өздүк гигиенаны сактоо менен уулануунун алдын алат. Ошондой эле жарандар тамак-аштын, азык-түлүктөрдүн сактоо мөөнөтүнө көңүл буруусу керек", - деди Мурзашов.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанында өткөн үлпөт тойдогу тамак-ашка 234 жаран ууланганы кабарланган. Массалык түрдө ууланууга жол берген "Ала-Тоо" рестораны убактылуу жабылып, жетекчилерине 25 миң сом айып салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: