super.kg logo

Депутаттар өкмөттөн сотко кайрылууда акы төлөө милдетин Салыктык эмес кирешелер кодексинен алып салууну талап кылышты

 

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар өкмөттөн сотко кайрылууда акы төлөө милдетин Салыктык эмес кирешелер кодексинен алып салууну талап кылышты.

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев өкмөттүн бул мыйзам долбоору Конституцияга каршы келе турганын айтты. "Кыргыз жаранынын турмушун начарлата турган мыйзам кабыл алганга акыбыз жок. Мисалы, автоунаа жол кырсыгына учураса, соттон утабы же утпайбы белгисиз. Унаасы чыгымга учурайт, жактоочуга каражат төлөйт. Сотко кайрылууда доонун 10 пайызы төлөнсө, өзүнүн буюмун кайра алыш үчүн 3 жерге акы төлөп калабы? Бул мыйзам долбоору жарандардын үй-бүлөлүк бюджетине зыянын тийгизет", - деди Иманалиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бул мыйзам долбоорун күн тартиптен алып салуу сунушун добушка койду. Жыйынтыгында сунушту депутаттар колдоду. Өкмөт мыйзам долбоорду кайра иштеп келе турган болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: