23-июнда Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт
23-июнда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз күрөшү боюнча 11-эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар билдирди.
Аталган мелдеш биринчи абсолюттук чемпион Туратбек Мазиевдин байгесине арналат. Анда өлкөбүздүн бардык аймактарынан жана чет өлкөдөн келген 4 балбан катышат.
Спортчулар 6 салмак ченинде күч сынашмакчы: алар 60, 66, 74, 84, 96 килограммга чейинки жана 96 килограммдан жогорку салмак категориялары. Мелдештин жеңүүчүлөрү медалдар жана байгелүү белектер менен сыйланышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.