super.kg logo

Кадыралиева: "Депутат Келдибаев сотторго жана прокурорлорго басым көрсөтүп жатат". Келдибаевдин жообу

 

Экс-депутат Ыргал Кадыралиева депутат Сагындык Келдибаев кызматынан пайдаланып сотторго, прокурорлорго басым кылып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-июнда маалымат жыйынында билдирди.

Кадыралиеванын айтымында, 30-майда башкы прокурор парламентте отчёт берип жатканда Сагындык Келдибаев Канжар Кадыралиевдин ишинде прокуратура кызматкерлери ага адвокат болуп жатканын, бул тууралуу фактылар бар экенин билдирген.

Ыргал Кадыралиева Келдибаевдин жеке маселесин парламентте көтөргөнүн кызмат абалынан пайдалануу жана укук коргоо органдарына кысым кылуу катары баалады.

"Сагындык Келдибаев депутат болуп келгенден кийин эки гана маселе көтөрдү. Анын бири жеке өзүнө таандык маселе болгон Канжар Кадыралиев жөнүндө. Парламентте жеке маселеси тууралуу айтканы ал кызмат абалынан пайдаланып укук коргоо органдарына карата басым кылгандыгы деп эсептейм. Мен бүгүн бул иш тууралуу тийиштүү жерлерге арыз менен кайрылам", - деди Кадыралиева.

Ал эми SUPER.KG порталы Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевге байланышканыбызда, ал бардык ишти мыйзам жолу менен кылып жатканын билдирди.

"Мен башкы прокурордун отчётунда ачык нерсени айттым. Мен бардык нерсени мыйзам жолу менен карап жатам. Канжар Кадыралиев боюнча чыгарган Октябрь райондук соттун чечими туура эмес, себеби Жогорку Соттун чыгарган чечимин четке чыгарып, өзүнүн чечимин чыгарып койгон. Бул мыйзамсыз иш, анткени Жогорку Соттун чечимин райондук сот жокко чыгар албайт", - деди Келдибаев.

Айта кетсек, 2014-жылы Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери болуп иштеп турган Канжар Кадыралиевге бир канча жаран арызданып, кийин ага карата Башкы прокуратура “бейбаштык”, “өзүм билемдик”, “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
20.06.2018. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
кайтар дуйно дейт.
20.06.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушул Канжар Кадыралиевти 5 жылдан бери камай албай жүрүшөт шалаакы бийлик.
20.06.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооба оомал-төкмө дүнүйө деген ушу да
20.06.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өткөндү тапанча менен атсаң келечек сени замбирек менен атат. Убагында өзү оозун ороктой кылып кылмышка шектүү инисин кызмат абалынан пайдаланып Бишкектеги үйүндө бекитип жатбадыбы эле.
20.06.2018. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уят эле Ыргалга,калк айтса калп айтпай дейт элде. Теливиденя Куршапка барып мечиттен чыккан аксакалдардан сураган Канжар тууралу, эл бир добуштан нааразычылык айтышкан.
20.06.2018. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыргал ОЗУ канча маселе которду депутат болуп жургондо. ???? Элге бир пайдасы тийди беле???
20.06.2018. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Канжар башкаларга эле эмес,озунун айылдаштарына да кордук корсотуп келген.Айылдаштарына кордук корсоткон адамды кантип ,,эл учун куйгон,мекен учун жанын берген,патриот"- деп айтабыз?Бул элине чыккынчы,душман адам болгон.Баарынан да атасы эл,журттун созун укпай,бандиттик кылган балдарына жан тартып жатты.Жазасын алсын,байлыгынын баарын казынага токсо,озунун айылдаштары эле калган жазасын беришмек.
Jyrgal_msk түзөттү 2018-06-20 22:49:53
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: