super.kg logo

Оор кылмышка шектелип эл аралык издөөдө жүргөн тажик жараны Кыргыз паспорту менен кармалды

 

Эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаранга кыргыз паспорту мыйзамсыз берилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, министрликтин криминалдык милиция бөлүмү оор кылмышка шектелип издөөдө жүргөн жаранга паспорт Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан берилгенин аныктаган.

"2014-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак райондук бөлүмүнүн кызматкерлери ага эски үлгүдөгү паспорт берген. Кийин ал жаран 2017-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан жаңы үлгүдөгү паспорт алган. Криминалдык милиция кызматынын жүргүзгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында бул паспортту 1967-жылы туулган Тажикстан Республикасынын жараны Низомхон Жураев колдонуп жүргөнү белгилүү болгон. Ал өз мекенинде жүргөндө оор кылмыш жасаган деп эл аралык издөөдө жүргөн.

2017-жылдын аягында Жураев Украинадан Кыргыз паспорту менен кармалган", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, ИИМдин тергөө кызматы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратура паспортту мыйзамсыз берген кызматкерлерге карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", “Кызматтык жасалмалоо”, “Кыргыз жаранынын паспортун мыйзамсыз берүү, ошого тете документке Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алууга алып келген атайын жалган маалыматтарды киргизүү” беренелеринин негизинде иш козгогон. Чет элдик жаранга паспортту мыйзамсыз бергенге шектүү катары ушул жылдын 18-июнунда Сузак районунун мамлекеттик каттоо кызматынын А.А. аттуу жараны кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
20.06.2018. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коррупция республиканы кыдырып кетиптир го туштуктон тундуко чейин!
20.06.2018. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Дагы бергиле тажик кытай озбектерге, чет мамлекеттерде кыргыз паспорт менен журсон кумон санап карай турган болушту.Соз жок акча десе атасын сатат булар.
20.06.2018. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бергендерди жазаласын
Акчаны алып жасап койду
20.06.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биз байкуш 6 айдан бери куболук ала элекпиз
Кыргыздын жараны болсок деле
20.06.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aidinaernur,анда документтерди тапшырбай ала албай жатсанар керек мен 1 саат дегенде эле алдым куболукту
20.06.2018. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Muratmipa,
Биз чет элдебиз
Элчилике документ , тыйындарын торолгондо эле почта аркылуу жибергем
Бишкектен келе элек дейт сурасам
20.06.2018. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Араң бирөөнү кармаптыр кыргыз паспорт менен жүргөн тажик,өзбек, кытай толтура паспорт столдо иштегендерди чекеден сурагы жок эле камаса болот бардыгы хан сарай салып кымбат машина алып чет өлкөдө эс алып жүрүшөт кантип 5000 айлыка иштегендер ошондой байлык таап жатышат
20.06.2018. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атамбаевдин тушунда эч бир коррупцияга аралашпаган мекеме калбадыго кай жерди караба бут эле коррупция жакшы Россияга барып иштеп оздорун эптеп журушот болбосо бул курутмак.
20.06.2018. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХХХХХ карупционерлерди ким тыйят тажадым качан онолот Кыргызстантан ХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-20 17:26:52
20.06.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мамлекеттик каттоо кызматы эле эмесбашка тармактардагы тартипсиздик Атамбаевдин тушунда өтө күч алып өзүм билемдик ашынып кеткен. Атамбаев мамлекет башчысы катары ушундай көйгөйлүү маселелерге көңүл буруунун оордуна мамлекеттин акчасын өздүк кылып алуу жолдорун издөө менен алек болуптур. Анын кесепетин бүгүн тартып жатабыз.
bekmirzach түзөттү 2018-06-20 17:38:58
20.06.2018. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азерлерден бирөө кызыгып жаткан экен,Кыргызстандын паспортун алганга.бир көк мээ жердешибиз сүйлөшүп берем 50 миң менен алса болот экен дейт айылдан.Ушундай акмактардын айынан паспортубуздун да баркы кетти аттиң
20.06.2018. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Качан токтойт ушундай иштер. Былыктарын чыгаргылачы. Канчасы журот биздин паспорт менен. Ушул иштерди кылган инсандар минимум 10 жыл срок десенер бергендеринда чогултуп келет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: