Депутат Араб өлкөлөрүнөн диний уюмдарга которулган каражаттар көзөмөлгө алынабы деп сурады
"Араб өлкөлөрүнөн Кыргыз мамлекетиндеги диний уюмдарга каржылык колдоо келет. Экономикалык кылмыштарга каршы кызматы бул нерсени көзөмөлдөйбү?" - деп бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев сурады.
Аталган кызматтын төрагасы Айбек Кадыралиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети менен биргеликте иш алып бара тургандыгын айтты.
Мындан тышкары Жанар Акаев Кыргыз өлкөсүнүн аэропортторунда учак коно турчу жерде видео камералар жок экенин айтты. "Аэропорт стратегиялык объект болуп эсептелгенден кийин камералар болушу керек. Кайсы жактан эмне жүк келип жатканы белгисиз болууда", - деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
2

