super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Мэр: "Кара-Суу шаарында 288 үй-бүлө бир дааратканага барат деген аймакка суу жана канализация түтүктөрү тартылат"

 

Кара-Суу шаарында 288 үй-бүлө бир дааратканага барат деген аймакка суу жана канализация түтүктөрү тартылат. Бул тууралуу Кара-Суу шаарынын мэри Кутубали Козубаев SUPER.KG порталына билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин "Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына "6 үй, ар биринде 48 батир бар, жалпы 288 үй-бүлө болуп жатат. Баарына жалгыз ажаткана болмок беле, албетте, болбойт. Андагы жытка адам чыдабайт, шамал болгондо бүтүндөй аймакты каптап кетет. Жашоочулар бир нече жолу мэрияга кайрылганыбыз менен майнап чыккан жок, ушул көйгөйдөн улам кварталдык комитеттер да турбай, жумушунан баш тартышат. Буга чейин Кара-Сууда даараткана урап калган окуя катталган, бул жолу да ошол окуя кайталанбасын десек, алдын алуу зарыл", - деген билдирүүсүн жөнөткөн.

Бул маселе боюнча Кара-Суу шаарынын мэрине байланышканыбызда, ал кичи райондогу бул абал менен тааныш экенин айтып, төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Кара-Суу шаарында жайгашкан Юбилейлик деп аталган кичи райондо 13 үй бар. Бул үйлөргө жалпысынан 4 даараткана каралган. Дааратканалардын бирөө кооптуу абалда болгондугуна байланыштуу Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын көрсөтмөсү менен жабылган. Ошол эл даараткананын жанына долбоору кабыл алынган баасы 850 миң сомдук 8 орундуу даараткана салынат. Жыл жаңыргандан бери эле бул көйгөйлүү маселени чечүү аракетин көрүп жатабыз", - дейт мэр.

Ошондой эле Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан бөлүнгөн каражатка Кара-Суу шаарындагы бул кичи районго суу жана канализация түтүктөрүн орнотуу иши 1-орунга коюлганын жана 28-июнда иштин алгачкы этабы башталып керектүү техника алына тургандыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
20.06.2018. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качан?
20.06.2018. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аракет болуп эле бирок эч эле жылыш болбой жатат десенер
20.06.2018. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Төөнүн куйругу жерге тийгенде
21.06.2018. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
28-июнда биринчи этабы башталып,техникалар сатылып алынат дептир го,чынбыкен анан ошол?
Действия болмой сайын кайра кайра ушул маселени которо беришинер керек го дейм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: