super.kg logo

Ошто үй ээсинин жансыз денеси короосунан табылды. Анын өлүмүнө аялы менен баласы шектелүүдө

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда үй ээсин өлтүргөн деп аялы жана 16 жаштагы баласы шектелүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматкери Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши 15-июндан 16-июнга караган түнү болгон.

"17-июнь күнү маркумдун туугандары түнкү саат 2лер чамасында милиция бөлүмүнө кабар беришкен. Анда алардын бир тууганы дайынсыз болуп жатканын айтышкан. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу барган убакта үй ээсинин аялы үйдөн качып кеткен. Алар үйдү тинтүүгө алышканда кан болгон төшөктөрдү аялы өрттөп жатканын көрүшкөн. Бирок дайынсыз жоголгон жаран ал күнү табылган эмес. Эртеси огороддон жаңы казылган жерди байкап, казып көрүшкөндө изделип жаткан 42 жаштагы үйдүн кожоюнунун жансыз денеси табылган", - деди маалымат катчы.

Ыкчам иликтөө тобу шектүү катары жабырлануучунун аялын кармашкан. Ал эми бул үй-бүлөнүн 16 жаштагы баласы атасынын жансыз денеси табылганга чейин "атам Орусияга иштегени кеткен" деп айтып берген. Бирок маркумдун сөөгү табылган соң алгачкы суракта 16 жаштагы бала "апам экөөбүз кокустан өлтүрүп алдык" деп айткан. Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
20.06.2018. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тобо .15жыл мурун биздин айылда да ушундай окуя болгон эле апасы менен баласы олтуруп алып баласын камашкан 3жылдан сон кайра апасы чыгарып алган
20.06.2018. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тобоо дегенден башка соз жок
20.06.2018. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азыркы заманда койнунда жаткан аялына да ишениш кыйын
21.06.2018. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ady-88,эн туура
21.06.2018. 05:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Астагьфиру-л-лахи! Акыр замандын белгилери!
21.06.2018. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Телевизордон деле, сайттан деле айтор маалымат булактарынан адам өлтүрдү, зордуктады, машина урду , атасы кызын зордогон деп бажырайтып атсаңар, элдердин деле психологиясы бузулат да, илгери жалаң жакшы маалымат таратышкан экен, азыр чоңураак чычып койсо деле чыгараберет
21.06.2018. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
anGelina-345,Азыр башкаруунун начардыгынан ар ким өз билгенин кылып койчо жайылып кетти. Болбсо өлтүрүү зордуктоо тууралуу кабарларды чыгарыштын кимге кереги бар. Өз2үлөрүнчө өз жазасын алсын. Чон жанылык таба калгансын минутунан куру калбай сүйүнчүлөп чыгара каласынар өлтүрүп ийди зордуктап салды деп. Мындай нерселер жабык бүткөнү он. Эге жарыя кылып элдин психологиясын бузуп ого бетер киши өлтүргүчтөр көбөйүүдө. Эөнөкөй адамсынбы журналистсинби эс акыл менен акыл калчап иш алып барсак дейм.
21.06.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аялы качып кеткен, аялы орттоп атканын корушкон... эмне деп эле жаза бересинер супер? озунор жазганынарды озунор окуйсунарбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: