super.kg logo

Наполеондун соңку кармашта кийген шляпасы 325 миң долларга сатылды

 

Император Наполеон Бонапарттын өмүрүнүн соңку мезгилиндеги кармашта кийген шляпасы аукционго коюлуп, 325 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, шляпа Франциянын Лион шаарында аукционго коюлган. Ал императордун эң жактырган баш кийими - эки кырлуу шляпа болгон.

Уюштуруучулардын айтымында, императордун акыркы салгылашуусу Ватерлоо аймагында болуп, дал ушул шляпасын кийген. Бул баш кийимди согуш талаасынан армиянын капитаны таап алган. Андан бери шляпа колдон-колго өтүп отуруп 1986-жылы жеке коллекционердин колуна тийген.

Айрым маалыматтар боюнча, Наполеондун 120дан ашуун шляпасы болгон. Бирок бүгүнкү күнгө чейин алардын 19у гана сакталып калган.

2014-жылы Монако князынын үй-бүлөсүнө таандык кол башчынын дагы бир баш кийими түштүк кореялык "Harim" тамак-аш холдингинин негиздөөчүсүнө 1 миллион 900 миң долларга сатылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
20.06.2018. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Буну көргөн колунан бир иш келбеген бийлик Атанбаев же Отунбаеванын шляпасы деп аукционго тендер өткөрүшүп акча жейбиз деп ойлоп табышат!
20.06.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Azatbek.Svoboda.,ушулда соз болдубу кичине ойлонуп жазсан брат
20.06.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соз деп эле суйлой бербечи
20.06.2018. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эхх недеген акчалар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: