super.kg logo

Жалал-Абадда ишкерди акча бербесең буту-колуңду сындырып, өлтүрүп кетебиз деп коркуткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Жалал-Абад облусунда жеке ишкерди коркутуп акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 25-майда болгон. Ишкер бул окуяны убагында коркуп эч кимге айткан эмес. Бирок оперативдүү келген маалыматтардын негизинде милиция кызматкерлери ишкер менен жолугушкан. Анда ал буларды айтып берген.

"25-май күнү саат 16:00 чамасында өзүм иштеген Сузак районунун аймагындагы таш заводумда жүрсөм Замир аттуу бейтааныш бала "Сиз менен менин башчыларым сүйлөшөлү деп жатышат" деп айткан. Бирок ал мени алдоо жолу менен Жалал-Абад шаарына алып барган. Ал жактан белгисиз адамдар "таш заводуңду жабасың же 10 миң доллар акча бересиң, болбосо буту-колуңду сындырып, өлтүрүп салабыз" деп коркутуп, андан соң сабашкан. Жанымдагы 30 миң сом акчамды алып, кайра үйүмө алып келип дагы 85 миң сомумду алып кетишти", - деген жабырлануучу ишкер.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Териштирүү иштеринин негизинде 18-июнь күнү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган Сузак районунун 1985-жылы туулган Н.З. аттуу тургуну кармалган. Учурда шектүү 2 айга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.06.2018. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мындайларды каттуу жазалаш керек!!!
20.06.2018. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ушундай адамдар көбөйүп жатат закон негизинде оор жаза колдонуу керек мындай адамдарга
20.06.2018. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анапияев, Колбаев ХХХХХХХХХХХХ десе беттен алып аларды кудайга тенегендер четтен чыгат, жаштар окумуштуу же билимдуу инсан болуунун ордуна чёрныйларды авторитет тутушат. Мына жыйынтык бироо олгудой болуп иш ачат, бекерпоз доопарастар даяр тамака бутун тыгып чыгышат.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-21 10:59:07
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: