super.kg logo
  Спорт  

Диего Костанын голу Испанияга жеңиш алып келди. Иран дагы эле плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогото элек

 

21-июнга караган түнү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "В" тайпасында беттештери уланат. Анда "Казань Арена" стадионунда Иран менен Испания курама командаларынын беттеши өтөт. Беттештин башкы калысы Андрес Кунья (444) болот.

23:50. Иран курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Алиреза Бейраванд ("Персеполис" Иран).
  • Коргоочулар: Эхсан Хажсафи ( "Олимпиакос", Греция), Мажид Хоссейни ("Эстегляль" Иран), Мортеза Пурлиганжи ("Аль-Садд" Катар),Рамин Резаэян ("Остенде" Бельгия).
  • Жарым коргоочулар: Саид Эззатоллахи ("Амкар" Орусия), Омид Эбрахими ("Эстегляль" Иран), Вахид Амири ("Персеполис" Иран).
  • Чабуулчулар: Карим Ансарифард ("Олимпиакос" Греция), Мехди Тареми ("Аль-Гарафа" Катар), Сердар Азмун ("Рубин" Орусия).
  • Башкы машыктыруучу: Кейрош Карлуш (Португалия).

23:53. Испания курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Давид де Хеа ("Манчестер Юнайтед" Англия).
  • Коргоочулар: Жерар Пике, Жорди Альба ("Барселона" Испания), Серхио Рамос, Даниэль Карвахаль ("Реал Мадрид" Испания);
  • Жарым коргоочулар: Серхио Бускетс, Андрес Иньеста ("Барселона" Испания), Иско, Лукас Васкес ("Реал Мадрид" Испания), Давид Сильва ("Манчестер Сити" Англия);
  • Чабуулчулар: Диего Коста ("Атлетико" Испания)
  • Башкы машыктыруучу: Фернандо Йерро (Испания).

23:55. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Ирандын гимни жаңырды.

23:56. Испаниянын гимни жаңырып, беттеш бир нече мүнөттөн кийин старт алат.

00:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып, топту оюнга алгач испаниялыктар кошту.

00:02. Испаниялыктар алгачкы мүнөттөрдөн чабуулдарды жасап, Ирандын оюнчуларын тынчсыздандырууда.

00:03. Даниэль Карвахаль айып аянтчанын сыртынан кубаттуу сокку узатып, бирок таамай болгон жок.

00:04. Карвахаль эреже бузуп, ирандыктар кооптуу айып сокку аткарат.

00:05. Хажсафи топту Испаниянын айып аянтчасына көтөрүп берди, бирок топто алгач коргоочулар болду.

00:06. Серхио Рамос атаандашына каршы орой оюн көрсөтүп эреже бузду. Ирандыктар стандарттык абалдан топту оюнга кошушат.

00:07. Ирандык коргоочулар эреже бузушту. Испаниялыктар кооптуу айып сокку аткарышат.

00:08. Давид Сильва айып соккуну аткарды. Анын айып аянтчага көтөргөн тобуна өнүктөштөрү жетпей топ талаадан сыртка чыкты.

00:10. Сердар Азмун Бускетске каршы орой ойноду. Калыстын ышкырыгы жаңырып, испаниялыктар айып сокку аткарат.

00:12. Давид Сильванын айып аянтчага чыгарган тобуна Серхио Рамос жетип топту дароо Пикеге чыгарып берген. Топко алгач коргоочулар жетип кооптуу абалды токтотту.

00:14. Карим Ансарифард Де Хеанын дарбазасына сокку узатты. Бирок ирандык футболчу таамай болгон жок.

00:15. Серхио Рамос топту айып аянтчага көтөргөн. Топто алгач Алиреза Бейраванд жетип, топту алып койду.

00:17. Испаниянын чабуулу уланууда. Учурда испаниялыктардын кооптуу чабуулдары ийгиликсиз болууда.

00:18. Давид Сильва алыскы аралыктан сокку узатканга жетишти. Топ коргоочуга тийип кайрадан испаниялыктарга кайтып келди.

00:19. Васкес атаандашын жыгылтып оюн эрежесин бузууда. Топко ирандыктар ээ болду.

00:20. Сеид Эззатоллахи атаандашын жыгылтып, испаниялыктар айып сокку аткарат.

00:21. Серхио Рамос айып соккуну аткарды. Анын соккусу футболчулардан түзүлгөн дубалга гана тийип калды.

00:22. Эззатоллахи кайрадан эреже бузууда. Бул ирет ал Диего Костаны жыгылтты. Ирандын дарбазасында дагы бир кооптуу абал орун алууда.

00:23. Айып соккуну Давид Сильва аткарды. Топ коргоочуга тийип өтүп, Алиреза Бейраванддын колуна туш келди.

00:24. Диего Коста согончогу менен пас жасап Сильваны дарбазачы менен бетме-бет чыгарууга аракет жасаган. Бирок коргоочулар Костанын кадамын байкап, тосуп алууга үлгүрдү.

00:26. 25 мүнөттүк беттештин жыйынтыгында испаниялыктар топко 84 пайыз ээлик кылууда.

00:29. Давид Сильва кооз соккуда эсеп санын ачканга аракет жасаган, бирок испаниялык футболчу таамай болбой калды.

00:30. Иско алыскы аралыктан сокку узатып, таамай боло алган жок. Топ дарбазадан 1 метр алыстыкта өттү.

00:33. Лукас Васкес айып аянтчага чыгарып берүү аткарган, бирок анын узаткан соккусуна өнөктөштөрү жете алган жок.

00:35. Рамос Рамин Резаяндын айып аянтчага чыгарган тобун оюн талаасынан сырткары сүзүп салды. Ирандыктар топту бурчтан чыгарат.

00:36. Эхсан Хаджсафи жаракат алып, медициналык жардамга муктаж болууда.

00:38 . Эхсан Хаджсафи оюн талаасына кайтып келди. Ал оор жаракат алган эмес.

00:41. Давид Сильва айып аянтчанын сыртынан мыкты сокку жасады, бирок топ каршылашына тийип калды.

00:44. Оюндун 1-таймы соңуна жетип калды. 44 мүнөттүк беттештин жыйынтыгында Испания 83 пайыз топко ээлик кылып, дарбазага 8 жолу сокку аткарды. Иран топко 17 пайыз ээлик кылып, 2 жолу сокку узатканга гана үлгүрдү.

00:45. 1-таймдын негизги убактысы бүтүп, калыс кошумча 3 мүнөт ойногонго мүмкүнчүлүк берет.

00:47. Карвахаль эреже бузуп, ирандыктар топко ээ болду.

00:48. Калыстын ышкыргы жаңырып 1-тайм аяктады.

01:04. 2-тайм старт алды. Бул ирет топту оюнга ирандыктар кошту.

01:05. Жерар Пике алыскы аралыктан сокку узатты. Бирок таамай эмес.

01:07. Серхио Бускетс айып аянтчанын сыртынан мыкты сокку жасаганы менен, дарбазачы Алиреза Бейраванд мыктыраак болуп соккуну кайтара алды.

01:10. Иско 11 метр алыстыктан сокку узатты. Бирок таамай боло алган жок.

01:11 Карим Ансарифард жакшы мүмкүнчүлүктү колунан чыгарды. Жакынкы аралыктан узаткан соккусу бир аз таамай болбой, топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.

01:13. Го-о-о-л! Эсеп 0:1. Диего Коста айырмаланып эсеп санын ачты.

01:17. Ирандык футболчулар эреже бузуп испаниялыктарга айып сокку аткарууга мүмкүнчүлүк түзүп беришти.

01:18. Мехди Тареми башы менен топту дарбазага багыттап таамай боло алган жок. Топ дарбазадан 1 метр алыстыкта өтүп кетти.

01:19. Серхио Рамос атаандашына каршы эреже бузду. Ирандыктар кооптуу айып сокку аткарышат.

01:20. Ирандыктар гол киргизди. Бирок калыс офсайд абалын байкап эсепти 0:1 бойдон калтырды.

01:23. Лукас Васкес айып аянтчага топту чыгарып берген, бирок топто алгач коргоочулар болду.

01:25. Иньеста атаандашынын айып аянтчасында кооптуу абал жаратууда. Дарбазанын жанынан чыгарып берген тобуна өнөктөштөрү жетишпей калып, ирандыктар топту талаадан сырткары чыгарды.

01:28. Испания курамасында алмаштыруу. Иньестанын ордуна оюн талаасында Коке пайда болот.

01:30. Испаниялыктар топту талаанын орто бөлүгүндө кармап, чабуул жасоо аракетин көрүп жатышат. Азырынча ийгиликсиз.

01:31. Статистикага көңүл бурсак, топко ээлик кылуу боюнча испаниялыктардын көрсөткүчү 79 пайыз, соккулар боюнча 14:5 эсеби менен Испания курамасы алдыда келе жатат.

01:32. Иран курамасында алмаштыруу. Алиреза Жаханбахш оюн талаасына Карим Ансарифарддын ордуна чыкты.

01:34. Ирандын коргоочулары Васкеске каршы эреже бузду. Испаниялыктар айып сокку аткарат.

01:36. Айып соккуну Иско аткарды, анын кубаттуу соккусу дубалга гана тийип кайтты.

01:37. Вахид Амири Карвахалга каршы орой оюн көрсөткөнү үчүн сары айып кагазы менен белгиленди.

01:38. Испания курмасында алмаштыруу. Лукас Васкестин ордуна оюн талаасына Марко Асенсио чыкты.

01:40. Мехди Тареми эсеп санын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу. Айып аянтчага көтөрүлгөн топко алгачкы болуп жетип сокку узаткан, бирок топ дарбазага жеткен жок.

01:44. Иран курамасында кезектеги алмашуу. Вахид Амиринин ордуна Саман Годдос чыгат.

01:46. Испания курамасында акыркы алмашуу орун алды. Анда жалгыз голдун ээси Диего Коста оюн талаасынан кетип, анын ордуна Родриго Морена чыкты.

01:49. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып калыс 4 мүнөт кошуп берди.

01:50. Эбрахими сары айып кагазы менен белгиленди.

01:53. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш соңуна чыкты. Испания курамасы 1:0 эсебинде жеңишке жетти.

 

 


кошулду





Иран-Испания беттеши

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
21.06.2018. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Испания алга
21.06.2018. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zainidin96,Испания +
21.06.2018. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Испания алга, Иран артка!
21.06.2018. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Испания алга
21.06.2018. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Состав реал менен барсаныкы го бут эле
21.06.2018. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Иран алга!!!
21.06.2018. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ггггггггггооооооооооооооолллллллллл!!!!!!!
21.06.2018. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай сонун, Утулсадагы Иран жакшы ойноду, Алга
21.06.2018. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Испания алга!!!
21.06.2018. 06:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул группада дагы да болсо кыл чайнашкан оюндар турат алдыда
21.06.2018. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Rasul94, жок, болбогон соз... Кийинки баскычка Испания менен Португалия жолдомо алды эсеп... Мароккодо 100% шанс калган жок. Иранда 3 очко болгону менен Португалия Иранды утат. Оюнда тен чыккан кундо да Португалия кийинки баскычка чыгат. Ирандын шансы 1% болгону...
21.06.2018. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tokmokchu-1, Кийинки оюнда Португалия жай ойношот.Тең чыгып калышы мүмкүн.0-0 Роналду бамбардир болууга аракет кылып жатат.
21.06.2018. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tokmokchu-1,Брат мен португалиянын куйорманымын сенин оозуна май. Алдагыдай оюн менен португалия иранды ута албай калса порту давай дасвидания иран 6 очко менен чыгып кетет марокко да испанияны утканга аракет кылат бул группанын тагдыры ары кызык, ары опурталдуу досум
21.06.2018. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыл чайнашкан оюндар F жана H группаларында орун алат... Бул группаларда ар бир турдагы ар бир оюн ото ото кызыктуу болот... Ар бир оюн салгылашуудай таасир калтырат...

A жана G группаларынан башкаларында да группалык оюндар кызыктуу отот...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: