"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Министрлик: "Оңдоп-түзөө иштерине жабылган төрөтканалардын ордуна башка төрөтканалар кабыл алат
Буга чейин Бишкек шаарынын тургуну "Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" бөлүмүнө "Бишкек шаарындагы №4 жана №6-төрөтканалар бир учурда жабылды. Экөө тең Бишкектин түштүк тарабында болгондуктан шаардын бул бөлүгүндө жашаган, ай-күнү жакындаган аялдар кайда барарын билбей жатышат" деген билдирүүсүн жөнөткөн.
Бул маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы төмөндөгүлөрдү билдирди:
“Жыл сайын пландык иштердин негизинде кезек-кезеги менен төрөтканалар оңдоп-түзөө үчүн жабылат. Ал эми жабылган төрөтканада каттоодо турган келиндер башка төрөтканаларга бөлүнөт. Бул тууралуу бардык тийиштүү кызматкерлерге жана "Тез жардам" кызматына билдирилген. Андан сырткары төрөткана жабык болгонуна карабай, ал жакта бир кызматкер нөөмөттө турат. Көз жара турган келиндер же алардын жакындары алдын ала келип кайсы төрөтканага бөлүнгөнүн тактап билип алса болот”, - дейт маалымат кызматы.

